21

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Назарбековдун “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында, 20-ноябрда КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков “Министр байланышта” акциясына катышты.

Акциянын жүрүшүндө Марат Назарбеков «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, анда ал үстүбүздөгү жылдын 10 айы үчүн ведомствонун ишмердүүлүк жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Ошол эле күнү Кыргызпатенттин жыйындар залында “Ишкердүүлүктөгү интеллектуалдык менчиктин ролу” темасына арналган басма сөз сессиясы ведомство жетекчилигинин катышуусунда өткөрүлдү.

Мындан тышкары, “Министр байланышта” акциясынын алкагында Кыргызпатент башчысы «Объектив», «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Фабула» гезиттеринин жана “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин кабарчыларына интервью берген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү