21

Октябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызмат төрагасынын “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы

Бүгүн, 20-октябрда, “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги “Министр байланышта” акциясына катышты.

Саат 08.00 КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК төрагасы Советбек Арбаев «Замана» студиясынын телекөрүүчүлөрү менен жолугушуп, ал эми саат 9.00 “Биринчи радионун” түз обосуна чыгып, радио угуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ушул эле күнү КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратында жарандык сектордун жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стөл өттү.

Ошондой эле аталган акция алкагында ЖАМК жетекчилиги «Вечерний Бишкек», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Ачык саясат», «Ачык сөз», «Леди.kg» жана «Туран» гезиттеринин журналисттерине интервью берди.

“Министр байланышта” акциясы Советбек Арбаевдин ЭлТР телеканалындагы кечки программасына катышуусу менен жыйынтыкталмакчы.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү