22

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызмат төрагасынын “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы

Шейшемби, 21-октябрда, “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов “Министр байланышта” акциясына катышты.

Санжар Муканбетов ЖМК өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун катышуучулары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Мурдатан пландаштырылгандай, Санжар Муканбетов саат 09.00 “Биринчи радионун” түз обосуна катышып, радио угуучулардын суроолоруна жооп берди.

Саат 11.00 «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өттү. КР Мамфинкөзөмөл жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн ишмердүүлүк жыйынтыгы, мамкызматтын 2014-жылга карата Иш-аракеттер планынын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Санжар Муканбетов «Кыргыз Туусу», «Вечерний Бишкек», «Слово Кыргызстана» гезиттерине интервью берди.

“Министр байланышта” акциясынын алкагында ушул эле күнү саат 16.00 Кыргыз фондулук биржасынын имаратында КР Өкмөтүнө караштуу Финкөзөмөл кызматынын Аткаруучу кеңешинин көчмө жыйыны өттү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү