02

Декабрь

2014

Мамлекеттик материалдык резервдер фонд жетекчилигинин “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы

Дүйшөмбүдө, 1-декабрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонд жетекчилиги “Министр байланышта” акциясына катышты.

Эртең менен Фонд төрагасынын орун басары Рустам Каракулов КТРК «Замана» программасына катышып, андан соң «Биринчи радионун» түз эфирине катышып, радиоугуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ошол эле күнү «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонд жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны өтүп, ал эми Фонд имаратында аймактагы жоопкерчиликтүү сактоочулардын катышуусунда тегерек стөл болуп өттү.

Андан соң “Министр байланышта” акциясынын алкагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун адистери жана «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттеринин кабарчылары Кара-Балта шаарындагы «Дан» мамлекеттик ишканасына барышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү