22

Февраль

2013

18- февраль

Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу алкагында 19 шаар тибиндеги посёлкалар 6 шаар тибиндеги посёлка, 16 айыл болуп кайра түзүлдү 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңешинде билдирилди. 

Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чара Пландардын аткарылышындагы жасалган иштер боюнча КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Сабиров отчёт берди. 

Ал өз сөзүндө бүгүнкү күнгө карата бир тооп иш жасалып, КР Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү институту түзүлгөнүн, райондук кеңештер жоюлганын, каржылык децентрализация жүргүзүлгөнүнө токтолду. 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык

 реформанын концепциясын ишке ашыруу алкагында 19 шаар тибиндеги посёлкалар 6 шаар тибиндеги посёлка, 16 айыл болуп кайра түзүлгөн. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча айыл аймактарын оптималдаштыруу боюнча тармактык жумушчу тобун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Администрациялык-аймактык реформалоо 3 этаптан тураарын жана 2017-жылга чейинки мөөнөттү камтырын эскертебиз.

 

*****

К.Талиева: Жогорку билим берүү системасында “сандан сапатка” деген принципке өтүү керек

Мындай ойду Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын жыйынтыктары жана 2013-жылга коюлуучу милдеттери тууралуу талкууланган коллегиянын ишинде билдирди. 

Билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча милдеттер тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков доклад жасады. 

Вице-премьер-министр өз сөзүндө мектептерде сааттардын кыскарышы бир нече проблемаларды чечет деди. “Биринчиден, жаңы мектептерди куруунун кажети жок болот. Үч нөөмөт менен окуган мектептерде сабактар эки нөөмөт менен окула баштайт. Экинчиден, кадрлар менен камсыздоо маселеси чечилет. Эң негизгиси ал реформалоодон билим берүүнүн сапатынын жакшырышын күтүүдөбүз жана, албетте, биздин балдардын ден соолуктарынын жакшырышына таасирин тийгизбей койбойт”, – деди Камила Талиева. 

К.Талиева жогорку билим берүү тармагын реформалоо маселеси тууралуу сөзүндө – “ЖОЖдорду кыскартуу маселесин чечүү үчүн саясий эрк зарыл. Учурда ар түрлүү себептер менен ЖОЖдордун саны азайган жок жана ал окуу жайларда билим деңгээлинин сапаты төмөн түшүүдө. Жогорку билим берүү системасында “сандан сапатка” деген принципке өтүү керек”- деди ал. 

К.Талиева министрликтин жетекчилигинен мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде, жогорку окуу жайларында  мамлекеттик тилди окутууну киргизүү үчүн программаларды иштеп чыгуу процессин тездетүүнү талап кылды жана бала бакчаларды ачуу боюнча  айрым сунуштарын берди. 

19-февраль 

“Сүт жана сүт азыктарын кайрадан иштетүү” жөнүндө Техникалык регламенти бекитилди. Тиешелүү мындай токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Аталган техникалык регламент жарандар сүт азыктарын пайдаланууда ден соолугуна зыян келтирбөө жана керектөөчүлөрдү алдоонун жолун тозуу үчүн колдонулат.

*****

Ж.Сатыбалдиев дары-дармек саясатын өркүндөтүү боюнча сунуш берүүнү тапшырды

Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев саламаттык сактоо секторуна бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды эффективдүү колдонуу жана дары саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Премьер-министр -“ Саламаттык сактоого жыл сайын бюджеттик каражаттар бөлүнсө дагы, проблемалар чечилбей, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келе жатат. Өлкөнүн бюджетинин 13 пайызы саламаттык сактоого жумшалат. Бул өтө чоң сумма. Каражаттарды эффектисиз пайдалануу көрүнүп эле турат. Сиздер өз тармактарыңыздарды жакшы билесиздер, саламаттык сактоодогу абалды оңдоого өз сунушуңуздарды бериңиздер. Башкаруучулук кызматтарга сабаттуу менеджерлерди алгыла”,- деди. 

Өкмөт Башчысы дары ташып келүүдө чоң проблемалар бар деп белгиледи. “Учурда дары ташып келүү башкарылбай өз алдынча жолго түшкөн. Дары-дармек завод чыгарган баадан 10-20 кымбат сатылат, мындай абалды тезинен жөнгө салуу керек. Туркия мамлекети да ушундай абалга убагында туш болуптур, бирок алар абалды түздөп кетишкен. Бир жарым ай мурда ММКФнын директору составында болгон делегация Туркияда болушуп, анын дары ташып келүү боюнча тажрыйбасын изилдешкен. Ушуга байланыштуу ал тажрыйбаны бизде колдонуу боюнча конкреттүү сунуштарды күтөмүн”,- деди Премьер-министр ММКФнын директоруна кайрылып. 

Ж.Сатыбалдиев  менчик медициналык борборлордун иши тууралуу “Өкмөт жеке менчик медициналык борборлордун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Биз бардыгына бирдей шарт түзүшүбүз абзел. Медицинада сөздүн жакшы маанисиндеги атаандаштык болушу керек”, – деди Өкмөт башчысы. 

Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев Саламаттык сактоо министрлиги менен ММКФнын иштерин координациялоону жана берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү Вице-премьер-министр К.Талиевага тапшырды.

 

Бишкекте “АЙЫЛ-АГРО” Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсү өтөт

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-миинистри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен  Бишкек шаарында май айында  Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүн өткөрүүнү жана даярдануу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. 

Көргөзмөнүн максаты – Кыргызстандын агрардык потенциалын  инвесторлорго презантациялоо, айыл чарба техникаларынын конкуренттүү рыногун түзүү, фермерлерди жаңы агротехникалар менен тааныштыруу. 

Уюштуруу комитетинин жүрүшүндө өткөрүлүүчү көргөзмөнүн техникалык аспекттери каралды. 

Вице-премьер-министр көргөзмөнү ийгиликтүү өткөрүүгө Өкмөт кызыкдар экендигин билдирди жана көргөзмөнүн алкагында эл  аралык айыл чарба бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда. 

 “АЙЫЛ-АГРО” Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсү республиканын борборунда 22-24 майда өтөөрүн белгилейбиз. 

20- февраль

Тайырбек Сарпашев: Бишкек шаарында жыл сайын 50 чакырым жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл 

Бул тууралуу ал борбор калаанын жолдорунун абалы менен таанышуу убагында билдирди.

Жакында эле бетон иштери бүткөрүлгөн  Салиева көчөсүндө токтолуп, Тайырбек Сарпашев –“Мостдорстрой” компаниясы тарабынан япониялык технологиянын негизинде бул иштер жакында эле бүтүрүлгөнүнө карабастан, жолдун жарылып кеткен учурлары бар. Мындай ишти кабыл албаш керек” деди.

Жогорудагыга байланыштуу 2 жуманын ичинде курулуштун бузулуш себептерин тактап, аны  четтетүүгө тапшырма берди. Андан аркы кыдырууда шаардын мэри Иса Өмүркулов А.Токомбаев, Сухэ-Батор, Гагарин, Чапаева, Т.Фрунзе, Баха, Айни, Алымкулов сыяктуу негизги көчөлөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөөрү тууралу маалымат берди.  

Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырууну аяктап жатып Тайырбек Сарпашев көчөлөрдүн эң1 эле начар абалда экендигин мойнуна алды жана жылына 50 чакырымдан көч оңдолсо, 5-6 жылдын ичинде бир топ көчөлөр оңдолуп каларын айтты.

 

***** 

Т.Сарпашев: Айыл чарба министрлигинин алкагында кайра иштетүү өнөр жай Департаментин түзүү зарыл

Мындай ойду Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин коллегиясынын отурумунда билдирди. Коллегиянын жүрүшүндө аталган министрликтин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев аткарылган иштер тууралу негизги доклад жасады.

Коллегиянын ишин жыйынтыктап жатып Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Айыл чарба министрлигинин алкагында кайра иштетүү өнөр жай Департаментин түзүү зарылчылыгын билдирди. 

21- февраль

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган Өкмөттүн жаңы структурасын бекитти.

Жаңы структурада коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча  жаңы Вице-премьер-министрдин кызматын киргизүү сунушталган.

Мындан тышкары Эмгек, жаштар жана иш менен камсыз кылуу министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Маданият жана туризм министрлиги Маданият, туризм жана маалымат министрлиги болуп кайрадан түзүү сунушталды жана министрликтердин саны өзгөрбөстөн калат.

Талкуудан кийин парламент мүчөлөрү Өкмөттүн структурасын өзгөртүүнү бекитишти. 

22-февраль

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Ички иштер министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абдулда Суранчиевди тааныштырды 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ички иштер министрлигинин жамаатына Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Абдулда Суранчиевди тааныштырды. 

“Шамиль Атахановдун башка кызматка өтүшүнө байланыштуу Абдулда Суранчиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мен сиздерди Өкмөт башталган реформаны аягына чейин чыгараарына ишендирем. А.Суранчиев ИИМ системасында жаңы адам эмес, ал бул системасын терең түшүнгөн жетекчи. А.Суранчиев катардагы милициянын кызматкеринен министрдин орун басарлык кызматына чейин көтөрүлгөн”, – деди Ж, Сатыбалдиев. 

КР ИИМинин жамаатына Өкмөт башчы кайрылып жатып офицерлер өз кызматтык милдеттерин так аткаруулары керектигин белгиледи. “Милициянын аброюн, кадыр-баркын жогорулатпасак, биз элдин бийликке болгон ишенимин кайтара албайбыз”,- деди Ж. Сатыбалдиев. 

*****

Кадрлар жана дайындоолор

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөө улуттук институтунун директору Джунушалиев Мелис Турусбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Премьер-министрдин башка буйругуна ылайык Талант Исакович Султанов Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөө улуттук институтунун директору болуп дайындалды. 

*****

Маликов Уланбек Кубанычбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.

Мыйзам чыгаруу ишмердиги 

КР Жогорку Кеңешинде учурда КР Өкмөтү демилгелеген 129 мыйзам долбоору кароодо, анын ичинен 18 кечиктирилгис мыйзам долбоорлору деп аныкталган. 

01.09.2012 - 22.02.2013 ж. КР Жогорку Кеңеши КР Өкмөт демилгелеген 61 мыйзам долбоорун (анын ичинен 18 кечиктирилгис), 3 токтомду кабыл алган, КР Президенти 40 мыйзамга кол койгон, 4 мыйзам долбоору каршылыкка учураган, 5 мыйзам долбоору  КР Жогорку Кеңеши тарабынан четке кагылган.

Ушул жылдын 1-февралына  карата КР Өкмөтүнүн Аппаратына КР жогорку Кеңешинен 126 токтом, 41  фракциялардын чечим, 195 комитеттердин чечими,219 депутаттардын суроосу келип түшкөн жана көзөмөлгө алынган. 

Документ жүгүртүү 

КР Өкмөтүнүн Аппаратында аталган мөөнөттө минстерстволордон, ведомстволордон, жана башка мамлекеттик органдардан жана уюмдардан 829 документ келип түшүп каттоодон өткөн.

Минстерстволорго, ведомстволорго КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен 2513 чыгыш документи кеткен. 

Нормативдик актылардан 35 чыгарылган, анын ичинен:

- КР Өкмөтүнүн токтому-14;

- КР Өкмөтүнүн буйругу-9;

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү