16
Ноябрь
11- ноябрь
Камила Талиева Камкорчулар Кеңешинин жыйынына катышты.
Камкорчулар Кеңешинин бул жолку жыйынында окуу жайдын окуу-методикалык программасына жана чарбачылык иштерине байланышкан маселелер каралды.
Камила Талиева ар кандай адистиктерге даярдоодо алардын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу керектигине көңүл бурду. Ал ошондой эле эл аралык мамилелер, туризм Кыргызстанда жаңы өнүгө баштаган, келечектүү тармак экендигин белгиледи.
Вице-премьер министр Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги инвестиция, курулуш маселеси боюнча өз оюн ортого салып, студенттик шаарча – Кампус курулуп жаткандыгы абдан жакшы жөрөлгө экендигин белгиледи. “Бирок, бардык курулуш материалдары, курулуш адистери Түркия тараптан алынып келип жаткандыгы ойлондуруучу маселе”,- деди Камила Талиева. “Жергиликтүү рынокторго, адистерге басым жасап, алар менен иштешүүнү күчөтсөңүздөр, бул эки тарапка тең пайдалуу болуп, үнөмдөө алып келет”, – деп сунуш кылды ал.
12 - ноябрь
Биз Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүүсү боюнча так механизмдерди иштеп чыгуубуз керек.
Бул туурасында Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз-Орусия Экономикалык Кеңеши тарабынан уюшулган “Кыргызстан жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик: алакалашуу жана анын келечеги” аталышындагы бизнес-форум учурунда айтты.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразия мейкиндигинде алакалашуусунун баардык баскычтары үчүн мындай кеңеш берүүнүн баалуу жагын белгиледи. “Биз Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүүсү боюнча так механизмдерди иштеп чыгуубуз керек”,- деди ал.
Ошондой эле, ал жакынкы аралыкта Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча “Жол картасын” ылайыкташтыруу соңуна чыгаарын айтты.
“Кыргызстандын экономикасын алга жылдыруучу – бул соода. Өкмөт Бажы союзуна өткөн алгачкы жылдарда жумушчу орундарын жок кылып албоо үчүн жана социалдык көйгөй жаратпоо үчүн тарифтик саясатты эсептөөсү абзел. Биз Бажы союзунун ички чек араларын жана чек ара көзөмөлүн жакшыртуу жоопкерчилигин алышыбыз керек”,- деп ырастады Биринчи вице-премьер-министр.
Ошондой эле, ал Бажы союзуна кирүүчү, ички дүң продукциясы жан башына төмөнкү көрсөткүчтөгү талапкер-өлкөгө колдоо көрсөтө турган фонд түзүү зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.
13- ноябрь
Каныбек Осмоналиев кыргыз элинин жаркын уулу.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева оор атлетика боюнча Олимпиадалык оюндардын чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык юбилейине арналган иш-чаранын уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Юбилейди өткөрүү боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап, Камила Талиева тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берди.
“Каныбек Осмоналиев кыргыз элинин жаркын уулу. Анын спорттогу жетишкендиктери өсүп келе жаткан муундар үчүн үлгү болушу керек. Бул биздин улуттук сыймык жана анын урматына карата өткөрүлүүчү иш-чара жогорку деңгээлде болушу зарыл”,- деди Вице-премьер-министр.
Белгилей кетсек, юбилейдин алкагында 14-ноябрдан 22-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Сарайында оор атлетика боюнча Эл аралык турнир өтүүдө.
14- ноябрь
Үч жылдык долбоордун алкагында өлкө боюнча 880 от казандары заманбап үлгүдө жаңыртылат.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев ишканалардын жана Чүй облусундагы калктын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча кеңешме учурунда айтты.
Кеңешмеде ишканалардын жана Чүй облусундагы калктын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Кулматовдун маалыматы угулду.
Докладда маалым болгондой, Чүй облусу кыш мезгилине карата даяр. “Кечээ от казандарын ишке бердик. “Кыргызтуракжайкоммуналдык союз” да бар анын ичинде. Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларынын көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук бериле баштады. Алдын ала баардык от казандары текшерүүдөн өттү жана пломба басылды. Алардын иштөөсүндө көйгөй жок”,- деген маалыматын берди Кубанычбек Кулматов.
Ошондой эле, облус боюнча 30 отун базасы иштейт. Аларда 8 миң тонна көмүр бар. 1 тонна көмүрдүн баасы 3300 дан 4000 сомго чейин. Калк өз керектөөсү үчүн 284 миң тонна көмүр камдап алган.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Тайырбек Сарпашев от казандарын мазуттан көмүргө же башка энергиянын булактарына өткөрүү туурасында айтты. “Кубандырганы, быйылкы жылы облуста 8 от казаны жана “Кыргызтуракжайкоммуналдык союздун” 2 от казаны көмүргө өткөнү. Буга 24 млн. сом сарпталды. Бул ишти дагы улантуу керек. Эми мектептер, ооруканалар, милициянын бөлүмдөрү, аскер бөлүктөрү, жана башка социалдык маанилүү объектилер от жагуу мезгили аяктаганга чейин жылуулук менен камсыз болуусун шарттообуз керек”,- деди ал.
Вице-премьер-министр Кыргыз Өкмөтү өлкөдөгү 880 от казандарын заманбап үлгүгө алмаштырууга багытталган 11,8 млн. евро көлөмүндөгү каражатты бөлүү боюнча донорлор менен сүйлөшүүгө жетишкендигин айтты.
15 - ноябрь
Кыргызстан үстүбүздөгү жылы айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн 1056 даана айыл чарба техникасын сатып алды
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада айтты.
Тайырбек Сарпашев майрам ээлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн жалпы экономикасы үчүн айыл чарба тармагынын маанилүүлүгүн белгиледи.
“2013-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясы 104 % га көтөрүлдү. Бул сиздердин тынымсыз жана чарчоону билбеген ишиңиздердин жыйынтыгы. Өкмөт дыйкандар менен малчыларга ар тараптуу жардам берүүгө бар мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Жеңилдетилген насыялар, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү өнүктүрүү, айыл жеринде продукцияны кайра иштетүү ишканаларын колдоо, ирригация тармагын жандандыруу жана жердин түшүмдүүлүгүн сактап калуу сыяктуу азыр иштеп жаткан долбоорлор 2014-жылы да улантылат. Бул чаралардын баары жүз миңдеген адамдар иштеп жаткан агрардык жана кайра иштетүү тармагынын потенциалын жакшыртуу үчүн жасалып жатат. Үстүбүздөгү жылы эле айыл чарба техникасынын 1056 даанасын сатып алдык. Алар учурда фермерлерге лизинг шартында таратылууда”,- деди Вице-премьер-министр.
Ошондой эле, Тайырбек Сарпашев Польша Республикасы тарабынан сүйлөшүүлөрдүн негизинде 24 млн. доллар жана Евразия банкы тарабынан 20 млн. доллар каражат келээрки жылы айыл чарба лизингин өнүктүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдө чечилгенин маалымдады.
*****
Камила Талиева Социалдык өнүгүү министрлигин көчмө коллегиясынын жыйынына катышты
Камила Талиева социалдык кызмат көрсөтүүчү органдардын иши жетим-жесирлер, кары-картаңдар, майып адамдар, асыроосуз калган балдар сыяктуу мамлекеттик колдоого дайыма муктаж болушкан катмарларга көмөк көрсөтүп, аларга тиешелүү өлчөмдөгү жөлөк пулдарды төлөп коюу менен эле чектелип калбай тургандыгын белгиледи.
Вице-премьер министр коллегияда айтылган сындан туура жыйынтык чыгарып, министрликтин ишине кетирилип жаткан кемчилдиктерди тез аранын ичинде оңдоп, элге татыктуу социалдык кызмат көрсөтүүнү талап кылды.
16- ноябрь
Дыйкандар 172,2 миң тонна кант кызылчасын жыйнап алышты.
Учурда, жалпысынан республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу аяктоо алдында турат. Баардык дан эгиндерин, картошканы, май жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери толугу менен аяктады.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын дыйкандары 8,6 миң тонна тамеки, 61,6 миң тонна пахта, 172,2 миң тонна кант кызылчасын жыйнап алышты (2012-жылга салыштырмалуу 76,0 миң тоннага көп). Ошол эле учурда, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү республика боюнча орто эсеп менен гектарына 285,1 центнерди түзөт (2012-жылга караганда гектарына 73,2 центнерге көп).
Ошондой эле, 131,9 миң гектар аянтка күздүк буудай (2012-жылга салыштырмалуу 16,2 миң гектарга көп), 8,4 миң гектар жерге күздүк арпа (2012-жылга караганда 0,1 миң гектарга аз) себилди.
Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү
16-ноябрга карата Жогорку Кеңештин кароосунда Өкмөт тарабынан сунушталган 104 мыйзам долбоору бар. Анын 18и кечиктирилгис мыйзам долбоорлору.
1-ноябрдан 15-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 15 мыйзам долбоорун кабыл алды. Анын 8ин Кыргыз Өкмөтү сунуштаган.
2013-жылдын 15-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жогорку Кеңештин 158 токтому, 231- фракциялардын суроосу, 905- комитеттердин суроосу, 1061-депутаттардын суроосу келип түштү жана көзөмөлгө алынды.
Жогорку Кеңештин 158 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча 121токтом Жогорку Кеңештин маалыматына жөнөтүлдү.
Фракциялардын 222 суроосунун 212си аткарылды.
Комитеттердин 905 суроосунун 744ү Жогорку Кеңештин маалыматы үчүн жөнөтүлдү.
Депутаттардын 1061 суроосунан 963ү аткарылды жана көзөмөлдөөдөн алынып салынды.
Жогорку Кеңештин көзөмөлдөгү калган иш кагаздар Өкмөттүн аппаратынын бөлүмдөрүндө жана аткаруу бийлигинин органдарында.
Иш кагаздарын жүгүртүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин министрликтерден, администрациялык мекемелерден жана башка республиканын мамлекеттик органдарынан 823 иш кагазы келип түштү жана катталды.
КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен министрликтер менен мекемелерге 2276 иш кагаз жөнөтүлдү, анын 86сы сунуш мүнөзүндө.
51 нормативдик акт чыгарылды, анын ичинде:
-КР Өкмөтүнүн токтомдору -31;
КР Өкмөтүнүн буйругу -11;
КР Премьер-министрдин буйругу – 7;
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин буйругу – 2.
22 нормативдик укуктук актыларынын долбоору экспертизадан өттү. Анын 16 долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күн тартибинин талаптарына жооп берет жана Аппараттын бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн жөнөтүлдү. Күн тартиби бузулган 6 долбоор катталды. Алар министрликтер менен мекемелерге кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү