23

Ноябрь

2013

18-ноябрь

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов “Ош шейиттер биримдиги” бирикмесинин жетекчиси Төрөбек Аматовду жана “Өчпөс от” коомдук бирикмесинин жетекчиси Тургунайым Айтиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук бирикмелердин жетекчилери 2010-жылдын июнь айында жабыр тарткандардын маселеси үч жылдан бери чечилбей келгенин айтышты. Алар Вице-премьер-министрге ошол кездеги Убактылуу Өкмөт тарабынан убадаланган 50 миң сом көлөмүндөгү грантты ала албай жүргөн 997 ишкердин тизмесин көрсөтүштү.

Тургунайым Айтиев жана Төрөбек Аматов Өкмөттөн Ош шаарын калыбына келтирүү программасынын алкагында турак жай алган жарандарды текшерүүнү уюштурууну суранышты. “Бизде июнь окуясында жабыр тарткан деген шылтоо менен акча жана турак жай алган адамдар туурасында маалымат бар”, – дешти алар.

Өз кезегинде Токон Мамытов пайда болгон кырдаал боюнча коомдук бирикмелердин жетекчилерине аларда болгон далилдер боюнча иш кагаздарын берүүнү жана анын негизинде териштирүү жүргүзөөрүн айтты.

*****

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов өлкөнүн унаа жолдорунда катталган жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башчысы Талант Исаев сөз алып сүйлөдү. Анын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айынын ичинде Кыргызстандын авто жолдорунда 5 миң 990 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына карата 29,9 пайызга көп. Каза болгондордун саны да 8,2 % га көбөйгөн.

Талан Исаев унаа жолдордогу жалпы кырдаалга бир топ факторлор таасир берээрин кошумчалады. Ал машина айдоо маданиятынын төмөндүгү, айдоочулардын начар даярдыгы, мыйзамда жана административдик кодекстеги жетишпестиктер, түнкүсүн бир катар аймактарда жарыктын, жол белгилеринин жоктугу буга шарт түзүп жаткандыгын кошумчалады. “Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өзүнүн түзүмүн кайра карап чыгуу керек жана анын штаттык бирдигин көбөйтүү зарыл. Көйгөйлөр арбын, аны чечүү керек. Арийне, бизде бийлик жок, бул туурасында бир канча жолу айтып келебиз”,- деди ал.

Вице-премьер-министр өз кезегинде көтөрүлгөн маселелерди ишке ашыруу үчүн каражат жагын кароо керек экендигин билдирди.

“Өкмөт бир заматта бул көйгөйлөрдү чече албайт. Анткен менен, ашыкча чыгым жумшабай эле, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө болот да. Биз ЖКККнын айдоочунун күбөлүгүн жеке даярдык менен алууга каршы пикирин колдойбуз. Коррупция орун алган авто мектептерге көзөмөлдү күчөтүү керек. Ошол эле кезде жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун да кетирген катачылыктары бар. Бадалдардын арасына жашынбай, жолго чыгып иштегиле, айдоочулар силерди көрүп сестенип, ылдамдыкты азайтып айдасын”, -деди Вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Өкмөттүн алдындагы жол коопсуздугун көзөмөлдөөнү камсыздоо комиссиясына кеңешмеде каралган көйгөйлүү маселелер боюнча чара колдонуу чечими чыгарылды.

 *****

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен Кыргызстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайыкташтыруу чаралары жөнүндө сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы жакын арада Кыргызстандан Москвага орусиялык кесиптештери менен биргеликте бир жуманын ичинде Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Бажы союзуна киргенге чейин абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзө турган атайын жумушчу топ келээрин маалымдады.

“Кыргызстанда Орусиянын аймагында иштөөнү каалаган биздин жарандарыбызды даярдоочу 5 кесиптик техникалык окуу жайы тандалып алынды. Эмгек мигранттарын зарыл болгон кесиптерге даярдоо жана барган мамлекетинде укуктук деңгээлин камсыздоого биз өзгөчө маани беришибиз керек. Бул процесс уюшкандыкта, тандап алуудан жумушка орноштурууга чейинки баскычты камсыз кылууга тийиш. Адам чет мамлекетте жумуш иштөө үчүн жалгыз кетүү менен өзүнө көйгөй жаратат. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын билдирүүсүнө караганда “кара тизмеде” 28 миң 600 адам катталган. Биз бул кызматтан ал жарандардын тизмесин сурадык”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

19-ноябрь

Калктын жана ишканалардын көмүр жана мазут менен камсыз болуусу жөнүндө.

Учурда республика боюнча көмүр 1387,02 тонна камсыз болду, же бул көрсөткүч мерчемделген тапшырманын 99,5 пайызын түзөт, ал эми мазут 24,15 миң тонна камдалып, 48,99 пайыз мерчемге барабар.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 512 отун базасы жана калкка көмүр таркатуучу жайлары бар. Бул былтыркы жылга (2012-2013-жж.-361) салыштырмалуу 151 базага көп. 

Республикада отун базаларында көмүрдүн баасы 1200 дөн 9500 сомго чейин.

2013-жылдын 18-ноябрына карата калк үчүн 824.35 миң тонна кара алтын даярдалган, мерчемде 600,07 миң тонна каралган (137,4 % ашык даярдалды).

Бишкек шаардык жылуулук электр борбору үчүн көмүрдүн жылдык даярдыгы 850 миң тонна, мазут- 20 миң тонна.

 

Бүгүнкү күндө 431,281 миң тонна көмүр (учурдагы мерчемдин 82,78%) даярдалды, анын ичинде Казакстандыкы – 262,785 миң тонна, Кыргызстандыкы – 168,496 миң тонна.

Борбор калаанын жылуулук электр борборундагы көмүрдүн калдыгы учурда 311,3 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 миң тоннага көп.

Ош шаардык жылуулук электр борборуна 23,5 миң тонна мазут даярдоо керек болсо, 2013-жылдын 18-ноябрына карата анын 12.2 миң тоннасы “Кыргызмунайгаз” ААКтан жеткирилген.

Ош шаардык жылуулук электр борборундагы мазуттун калдыгы 17,004 миң тоннана түзөт.

20-ноябрь

Кыргызстан КМШ эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин жоболорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат.

Бул туурасында 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кезектеги Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумунда айтты.

Кыргыз Өкмөт башчысы 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган, улуттук тартип шарттарынын сакталышына мүнөздөлгөн, бажы төлөмдөрүн колдонгон, сандык чектөөлөрү жоюлган, биргелешкен соодада демпингге каршы,  атайын коргоо чаралары алынып салынган эркин соода аймагы жөнүндө Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Келишиминин жоболорун ишке ашырууга Кыргызстан өзгөчө көңүл бураарын билдирди.

“Биз Келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди улантып жатабыз. Кыргызстан эркин соода аймагы жөнүндө Келишимдин күчүнө кириши боюнча мамлекет ичиндеги баардык жол-жоболорун жасоого жетишти. 2013-жылдын 14-ноябрында парламент аталган документти ратификациялоо жөнүндө Мыйзам долбоорун жактырды. Бул албетте биздин алакалашуу мейкиндигибизде маанилүү жардам болмокчу”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

21-ноябрь

Жантөрө Сатыбалдиев жана Дмитрий Медведьев эмгек мигранттары маселесине байланыштуу сүйлөшүү топторун түзүү жөнүндө макулдашышты

Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө эки мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда Москвада өтө турган сүйлөшүүнү жакынкы учурда уюштурууга жетишилди. Сүйлөшүү топторуна жетекчиликти эки тараптын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары ишке ашыраары сунушталды. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары таанышышат.

22-ноябрь

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аз улуттардын иштери боюнча Жогорку комиссары Адрид Торс менен жолугушту.

Тараптар өлкөдөгү улуттар аралык мамилелердин бекемделиши үчүн багытталган документтердин ишке ашуусун талкуулашты.

Токон Мамытов Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясында улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу маселесине кеңири орун берилгендигин белгиледи.

«Ошондой эле, улуттар аралык мамиле жана элдердин биримдиги Концепциясы кабыл алында. Анын максаты – Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты жөнгө салуу жана жалпы жарандык окшоштукту камсыздоо. Кыргызстан көп улутту мамлекет катары, республикада көп тилдүүлүктүн өнүгүшүнө чоң маани берет жана Жогорку комиссардын көп тилдүү жана ар маданияттуу педагогикалык тажрыйбанын өнүгүшүнө көрсөткөн жардамын жогору баалайт”,- деп кошумчалады Вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Адрид Торс ЕККУнун аз улуттардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жемиштүү жана үзүрлүү болооруна үмүт артаарын айтты.

23-ноябрь

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча  Жогорку Кеңеште каралган маселенин натыйжасында түзүлгөн 3 жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда Кумтөр долбоору боюнча “Centerra Gold Inc.” Компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйынга Консультативдик кеңешти жана жумушчу топту кызыктырган суроолоруна жооп берүү үчүн чоң тажрыйбаларга ээ серепчилер да чакырылган. Ошондой эле, “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча жумушчу топ сунуштаган ар түрдүү варианттар жана “Кумтөр” биргелешкен ишканасын башкаруу формасы талкууланды.

Премьер-министр кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге  “Кумтөр” долбоорун мындан ары ишке киргизүү үчүн кыргыз тараптын көз карашын күчтөгөн “Кумтөр” боюнча жаңы Келишим долбоорун даярдоо үчүн серепчилерди, юристтерди жана адистерди тартууну тапшырды.

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

 22-ноябрга карата Жогорку Кеңештин кароосунда  Өкмөт тарабынан сунушталган 101 мыйзам  долбоору бар. Анын 19у кечиктирилгис мыйзам долбоорлору.

15-ноябрдан 22-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 15 мыйзам долбоорун кабыл алды. Анын 8ин Кыргыз Өкмөтү сунуштаган.

2013-жылдын 22-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жогорку Кеңештин 152 токтому, 234- фракциялардын суроосу, 945- комитеттердин суроосу, 1083-депутаттардын суроосу келип түштү жана көзөмөлгө алынды.

Жогорку Кеңештин 158 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча 121токтом Жогорку Кеңештин маалыматына жөнөтүлдү.

Фракциялардын 234  суроосунун 217си аткарылды.

Комитеттердин 945 суроосунун 762си Жогорку Кеңештин маалыматы үчүн жөнөтүлдү.

Депутаттардын 1083 суроосунан 986сы аткарылды жана көзөмөлдөөдөн алынып салынды.

Жогорку Кеңештин көзөмөлдөгү калган иш кагаздар Өкмөттүн аппаратынын бөлүмдөрүндө жана аткаруу бийлигинин органдарында.

 Иш кагаздарын жүгүртүү

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрынан 22-ноябрына чейин  министрликтерден, администрациялык мекемелерден жана башка республиканын мамлекеттик  органдарынан 1042 иш кагазы келип түштү жана катталды.

КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен министрликтер менен мекемелерге 1978 иш кагаз жөнөтүлдү, анын 105и сунуш мүнөзүндө.

26 нормативдик акт чыгарылды, анын ичинде:

-КР Өкмөтүнүн токтомдору -6;

КР Өкмөтүнүн буйругу -8;

КР Премьер-министрдин буйругу – 9;

КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин буйругу – 3.

24 нормативдик укуктук актыларынын долбоору экспертизадан өттү. Анын ичинен 19 долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин  талаптарына жооп берет жана Аппараттын бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн жөнөтүлдү. 5 документ министрликтер менен мекемелерге кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлдү.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү