17

Ноябрь

2012

Дуйшөмбү, 12-ноябрь

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев UNICEFтин (БУУнун Балдар фондусу) Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү, КШМ боюнча регионалдык директору Мари-Пьер Пуарье менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар эне жана баланы коргоо багытындагы, балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү жана балдардын жакырчылыгын жою боюнча КР Өкмөтү менен UNICEFтин кызматташуусун мындан ары улантуунун маанилүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Мари-Пьер Пуарье UNICEFтин 22 өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин БУУнун Балдар фондусунун ар түрдүү маселелерин талкуулоо боюнча Бишкекте жолугушуусу болоору тууралуу маалымдады.

Социалдык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга даяр экендиктери тууралуу тараптар жолугушуунун жыйынтыгында белгилешти.

———-

СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры Калый Молдобасановдун атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому менен Кыргыз улуттук консерваториясына чыгаан композитордун ысымы ыйгарылды.

———-

Студенттердин бейтапкансында “Жаштар арасында үй бүлөөнү пландаштыруунун жумалыгы” башталды.

Беш күн ичинде атайын даярдалган машыктыруучулар кичи-тренингдерди өткөрүштү, акушер врачтар, гинекологдор ар бир калоочуларга жекеме кеңеш беришти жана бардык калоочулар менен баарлашуулар болду. Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында үй бүлөөнү пландаштыруу боюнча лекциялар уюштурулду. Бардык калоочулар жаштардын репродуктивдик ден-соолугу боюнча маалымдоо материалдарын алышты.

Шаршемби, 13- ноябрь

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев борбор калаанын “Достук” мейманканасында “КР адам укугун ишке ашыруу тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттери” форумуна катышты.

Форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Тайырбек Сарпашев баардык бийлик институттары ачык иштеши үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасап жаткандыгын белгиледи. «Адам укугун коргоо – бул бийликтин ажырагыс милдети. Ар бир жарандын укугу сакталышы үчүн биз укук коргоо, ошондой эле сот системасында реформа жүргүзүшүбүз керек. Жүргүзүлүп жаткан сот системасынын реформасынын алкагында келээрки жылы соттордун эмгек акысын көтөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бул сот системасындагы кызматкерлерине өзүнүн ишин так аткарып, объективдүү сот чечимин чыгарып жана коррупцияны азайтууга жакшы өбөлгө түзөт деп эсептейм», — деди ал.

———-

Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев калкты Мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү уюштуруу тууралуу жыйын өткөрдү.

Жоомарт Оторбаев жыйында калкты Мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү уюштуруу жана борбордоштурулган базаны түзүү учурдун бышып жетилген зарылчылыгы экендигин белгиледи. Анын оюу боюнча, мамлекеттик органдар бири-бири менен макулдашпастан ар бири өздөрүнүн көрсөткүч базаларын түзүүдө дейт.

————

Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Улуттук Бизнес-Асссоциациалдардын жыл сайын өтүүчү 5-форумуна катышты.

Жоомарт Оторбаев аталган иш-чаранын катышуучуларынын астындагы сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып жаткан чечимдердин баардык процесстеринде жарандык коомдор менен бизнес-ассоциациялардын катышуусун Өкмөт жогору баалайт деп белгиледи. “Өз кызыкчылыктарыңыздарды ишке ашырууда өжөрүрөөк болгула деп форумдун катышуучуларына каалоо айтаар элем. Биздин келечегибиз, экономикабыз, мамлекетибиздин өнүгүшү жарандык сектордон, анын ичинде бизнес чөйрөсүнөн көз каранды. Алдыга чогуу кадам шилтеш үчүн, катачылык кетирбей силер менен чогуу иштеп жаңы идеяларды ишке ашырышыбыз керек”-деди өз сөзүндө .

———-

“Айрым мамлекеттик укуктарды берүү: каржы моделинин практикасы жана варианты мыйзамын” талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, министерликтердин, ведомстволордун, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышты. Аталган форум “Жарандардын үнү жана жергиликтүү башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен өткөнүн белгилейбиз.

———-

Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министирлиги өлкөнүн бардык региондорунан 35 жаш жубайларга жаш уй бүлөөгө көмөк корсөтүү максатында массалык уйлөнүү үлпөтүн өткөрдү. Иш чара “Үй бүлөө, тынчтык жана өз ара түшүнүү” жылына жана “жаштар күнүнө ” арналган.

Жаш жубайлардын салтанаттуу маршруту Бишкектин Борбордук мечитинен нике кыйуудан башталып, борбордук ЗАГСта каттоодон өтүштү. Андан соң “Жеңиш” аянтында “түбөлүк отко” гүл коюлду жана “Ала-Тоо” аянтында абага шарларды кое беришип “сүйүү” паркында болушту.

Шейшемби, 14- ноябрь

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азиялык Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Сяоюй Чжао менен жолукту.

Тараптар мурда белгиленген приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү тууралу сөз козгошту. Мисалы, КР Өкмөтүнө Азиялык Өнүктүрүү Банкы 20 млн. АКШ долларын бөлүп берээри тууралуу билинди.

Жолугушуунун кортундусунда 2013-жылдын жазында Кыргызстанда мамлекеттик жеке өнөктөшүү боюнча эл аралык форум өткөрүү макулдашылды.

———-

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев австриялык ишкерлерди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев австриялык ишкерлердин көңүлүн КР Өкмөтү жаңы жумуш орундарын түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Австриянын федералдык экономикалык палатасынын өкүлү Хайнс Волтер өз сөзүндө чет элдик инвесторлор үчүн Кыргызстандын репутациясы маанилүү экендигине жана кыргыз ишкерлерин Австрияга келип кетүүгө чакырды.

———-

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте өткөн «Россия жана Кыргызстан: кызматташуунун келечеги» аттуу ишкерлер форумунун катышуучулары менен жолугушту.

Россиялык бизнес чөйрөнүн биздин өлкөгө болгон кызыгуусу тууралуу сөз болгондо, форумдун катышуучулары, учурда россиялык капитал менен технологияларды Кыргызстандын экономикасына тартуу мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин белгилешти.

“Биз мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташууга, туризмди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин айрым долбоорлорубуз бар, аларды кыргыз тарапка сунуштоого даярбыз”,- деди Урал туристтик гильдиясынын вице-президенти Руслан Щеглов.

Жолугушуу учурунда Вице-премьер-министр республикада сот реформасы жүргүзүлүп жатканын, анын түпкү максаты болуп көз карандысыз, зарыл болгон учурда чет элдик инвестерлордун кызыкчылыктарын да коргой ала турган сот бийлигин түзүү экендигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү, шаардык коммуникацияларды модернизациялоо, ирригация системаларын өркүндөтүү, туризмге инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Бейшемби, 15- ноябрь

Премьер-министр Жатөрө Сатыбалдиев Россиянын “Биринчи улуттук пенсиялык фондунун” башкаруусунун төрагасы Виталий Плотников менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Россия Федерациясында эмгектенип жатышкан кыргызстандыктарга пенсия чектөө үчүн механизмдерди, зарыл болчу нормативтик-укуктук актыларды иштеп чыгуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Аталган маселени мындан ары изилдөө максатында биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү тууралу макулдашылды.

———-

Тайырбек Сарпашев: Шайлоону таза, ачык жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү зарыл.

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Баткен областындагы жумушчу иш сапарынын алкагында белгиледи.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда Тайырбек Сарпашев 25-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого бийлик чоң маани берет деп, - “Кай жерде өтпөсө да таза жана ачык өткөн шайлоо биздин мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепили. Шайлоо одоно бузуулар менен өттү деп айттырбаш үчүн биз 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону таза өткөрүшүбүз керек”- деп белгиледи Т. Сарпашев.

———-

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев “Берешен өрөөн” кооперативинин жетекчисине жана коллективине ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өзүнүн ыраазычылык катында кооперативдин ишмердүүлүгү Кыргызстандын баардык аймагына кеңири жайылтуучу үлгүлүү мисал деди.

“15 миң квадраттык метрге жайгашкан 700 миң долларга кооператив тарабынан курулган теплица комплекси Ноокен районунда кошумча жумуш ордун түзүүгө, экономиканы көтөрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга алгылыктуу салым кошот.

Бир жылдык чыгарган продукция 300 тоннадан 600 тоннага чейинки көлөмдү түзөт. Өстүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн суммасы 450 миңден 900 миң долларга жетет. Чыгарылган продукциянын 90 пайызы Россияга экспорттолот.

———-

Махаммадов Ахматжан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.

Жума, 16- ноября

Талас областында жумушчу иш сапары менен жүргөн Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Жерүй» алтын кени менен таанышып чыгып, конкурсту өткөрүү процессин тездетүү боюнча тапшырма берип, «Сынак ачык жана айкын өтүш керек. Өкмөт эң оптималдуу шартты сунуштаган компанияны тандайт» - деди.

Андан соң Премьер-министр Талас районундагы Таш-Арык айылындагы курулушу бүтпөгөн балдар бакчасында болду. Бул курулушту бүткөрүүгө 6 млн. 100 миң сом талап кылынат. Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик – жеке менчик өнөкттөштүктүн механизимдерин колдонуп, курулушту бүткөрүүнү сунуштады.

Премьер-министр андан кийин Маймак станциясына жакын жайгашкан кызылча кабыл алуу пунктунда болду. Учурда аталган станциядан кызылчалар вагонго жүктөлүп Кайындыдагы кайра иштетүүчү заводго жөнөтүлөт. Талас областы боюнча чогулган кызылчанын түшүмүнүн көлөмү 10 миң тоннаны түздү. 3 күндүн ичинде кызылча заводго жеткирилээри билдирилди.

———-

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев JICA Чыгыш, Борбордук Азия жана Кавказ департаментинин Генералдык директору Кае Янагисава менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда Өкмөт тарабынан жасалып жаткан ивестиция тартуу жана коррупцияга каршы реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берди. “Япония менен болгон зор тажрыйбага ээ болгон айыл чарба секторундогу биздин мамилебизди өтө жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу малдарды идентификациялоо боюнча жакшы механизмдер зарыл. Азык-түлүктөрдү чет мамлекеттерге экспорттоо үчүн биз бул проблеманы чечишибиз керек”- деди Жоомарт Оторбаев.

Өлкөнүн өнүгүшүнө комплекстүү салым кошуу үчүн JICA айыл чарба секторунун продукцияларын эксппорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берүүгө ынтызар экендигин билдирди.

———-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин статс-секретары Наби Эшназаров тоо-кен секторун өнүктүрүүгө техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча USAIDдин “Реформа” долбоорунун өкүлдөрү менен талкуулашты. Аталган долбоор геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин кадр жана институциалдык потенциалын өнүктүрүүгө техникалык жардам берүүгө кызыкдар жана бул максатта USAID аталган ведомстводо функционалдык, институалдык анализ жүргүзүүнү сунуштады.

———-

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айрым кадр меселелери боюнча дайындоолорго кол койду.

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кең пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле Премьер-министр өз буйругу менен Алымбеков Бактыбек Маданбековичти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басарлык кызматынан бошотту.

Турганбаев Мелис Токтомамбетович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Ишемби, 17- ноябрь

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Талас областына болгон иш сапарынын алкагында фермерлер менен жолугушту. Ал дыйкандардын суроолоруна жооп берип жатып, 2013-жылы айыл чарба техникаларын алууга 1 млрд. сом бөлүнөөрүн, алар дыйкандарга жеңилдетилген шартта лизингге берилээрин билдирди.

Андан соң жергиликтүү бийлик балдар бакчасына ылайыкташтырып курууну пландаштырып жаткан, банкротт болгон “Таласалко” АКысынын имараты менен таанышты. Премьер-министр бул идеяны жактырып, менчик ээсинен имаратты сатып алуу үчүн мамлекет 3 млн. сом берээрин билдирди.

Ошондой эле Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн иш планында алдын ала пландаштырылбаган Талас шаарынын борбордук базарына келип, базардагы баалар менен таанышты жана соодагерлер, кардарлар менен баарлашып, алардын сунуштарын укту жана кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Мисалы, “Жерүй” алтын кеңинин мындан аркы тагдыры тууралуу суроого Өкмөт башчысы 100 млн. доллардан кем эмес баага сатылаарын айтты. “Талас областында пайдалуу кен чыгуучу 44 кен бар. Бул Менделеевдин таблицасынын баардыгын камтыган десек болот. Ошондуктан биз кен иштетүүдө экологияны да бузбастан, жергиликтүү эл да түшкөн салыктардын эсебинен өздөрүнүн күнүмдүк социалдык-экономикалык проблемаларын чечип алгыдай жагдай менен ойлонуп иш кылышыбыз керек”- деп белгиледи Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

———-

Учурда Өкмөт тарабынан берилген 140 мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Мунун ичинен 26 долбоор кечиктирилбестен каралуучу мыйзам долбоору катары аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүнчү сесиянын мезгилинде ( 01.09.2012 - 16.11.2012 ж.) Өкмөт тарабынан берилген 19 мыйзам долбоорун (анын ичинен 5 кечиктирилгис), 1 токтом кабыл алышкан, Кыргыз Республикасынын Президенти 12 мыйзамга кол койгон, 3 – четке кагылган.

01.07.12 - 16.11.12ж. мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10 мыйзам долбоорун кайра чакырып алган.

2012-жылдын 16-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына - 173 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, 170 фракциялардын чечими, 711 комиттетердин чечими, 14 протоколдук тапшырма, 1096 депутаттык суроо келип түшкөн жана көзөмөлгө алынган.

Жогорку Кеңештин 173 токтомунун 24үнө маалымат жөнөтүлгөн. 14 протоколдук тапшырманын бардыгы, 170 суроонун 153 суроосу аткарылган. Комитеттердин 711 суроосунун 633үнө ЖКага маалымат жөнөтүлгөн, депутаттардын 1096 суроосунун 982 аткарылган. Калган Жогорку Кеңештен түшкөн документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүндө жана аткаруу бийлигинин органдарында каралууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү