24

Ноябрь

2012

19 –ноябрь, дүйшөмбү

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ислам Иран Республикасынын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу элчиси Манучехр Морадининин Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу аны кабыл алды.

Өкмөт башчысы М. Морадиге эки тараптуу кызматташуунунун алкагындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министрге жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирүү менен М. Моради өз кезегинде Тегеранга кайрылып барганда Кыргызстан менен мындан ары да эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө салым кошуучу кадамдарды жасай турганы тууралуу белгиледи.

*****

Вице-премьер-министр Камила Талиева «Кыргыз Республикасындагы пенсиялык системанын  учурдагы абалы жана келечекте өнүгүүсү” аттуу тегерек столго катышты.

Камила Талиева пенсияны жашоо минимум деңгээлине жеткирүү жана жакырчылык менен күрөшүү Өкмөттүн ишинин приоритеттү багыты экендигин айтты.

“Пенсиялык чегерүү маселелери бүгүнкү күндүн курч маселеси. Көпчүлүк жарандар келечекте терс таасирин тийгизээрине карабастан чегерүүлөрдү жасабайт. Бул маселени чечүү максатында Өкмөт  “Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны өнүктүрүү концепциясын” иштеп  чыкты”- деп белгиледи  К. Талиева

20- ноябрь, шаршемби

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу жана аны ишке ашыруу боюнча иш пландар аттуу Улуттук стратегиянын  бет ачаары боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Форумдун катышуучуларына Тайырбек Сарпашев чек арачылардын көп көйгөйү бар экендигин жана аны чечүү запрылчылыгын  белгиледи. Булар: материалдык-техникалык жактан камсыздоо, курал жарактарды модернизациялоо, жаңы казармаларды жана офицердик курамга үйлөрдү куруу, кадрдык потенциалды жана маянаны чыңдоо.

Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн республикада мамлекеттик чек-араны комплекстүү башкаруу жана аны ишке ашыруу боюнча План бар экендигин вице-премьер-министр маалымдады.

*****

 КР Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Финляндиянын Тышкы иштер министирлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Юхани Тойвонен менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптык кызматташуунун ар кандай аспектерин талкуулашты. Жоомарт Оторбаев курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча маселелер боюнча Финляндиянын тажрыйбасы өлкөдө тоо-кен тармагындагы долбоорлор  болгондугуна байланыштуу бизге кызыгууну жаратат деди.

Өз кезегинде фин дипломаты Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоорлордун тармагын  көбөйтүүгө  Финляндия кызыкдар экендигин белгиледи.

*****

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

Күн тартибине ылайык Ички иштер министирлигинин ишин текшерүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отчету угулду, ошондой эле ИИМди реформалоо процессин активдештирүү боюнча маселе талкууланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы ИИМдин жогоруда айтылган багыттары боюнча көптөгөн тартип бузууларды көрсөттү.

Коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун эске алуу менен, министирликтин кезексиз коллегиясында жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат орундарында мындан ары ылайыктуулугун кароо сунушталды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз сөзүндө мындан ары башка министирликтердин, ведомстволордун ишмердүүлүгү да этап-этабы менен текшерилээрин жана алардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карааларын белгиледи.

*****

 Сүрөтчулөр Союзунун көргөзмө залында  Мамлекеттик интеллектуалдык менчиктөө жана инновация кызматы сүрөтчүлөр Союзунун жаштар канаты менен биргеликте “Үй бүлөө” жылына арналган   жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн ачты.
Аталган  массалык-маданий иш  чара кыргызстандын чыгармачыл жаштарын колдоо катары уюштурулган. Сүрөтчүлөр Союзунун жаштар канаты живопись, графика, кол өнөрчүлүк жана  заманбап  концептуалдык искусстволор боюнча иштерин коюшкан. Аталган жаштардын чыгармачыл кыймылына республиканын баардык булуң бурчундагы көркөм окуу жайларынын окуучулары, бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле “ТАРТ” тобунун мүчөлөрү кирээрин белгилейбиз.

*****

Ички иштер министирлигинин жетекчилигинде айрым кадрдык өзгөрүүлөр болду. 

Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Министирликтин оперативдик иштерди тескөөчү министрдин дагы бир орун басары болуп Болот Абакиров дайындалды. Шейшемби, 21- ноябрь

Кыргыз Республикасынын  энергетика жана өнөр жай министирлиги массалык маалымат каражаттарында  жакында электроэнергиянын тарифи кымбаттайт деп жарыяланган маалымат боюнча билдирүү жасады.

 Ведомствонун пресс-релизинде 2017-жылга чейинки тариф саясатынын негизги принциптерине ылайык 2013-жылдын апрелинен баштап айына колдонууда 300 кВт. ашса  тарифти кымбаттатуу белгиленген. Башка калктын катмарларына тарифти көтөрүү каралган жок.

 2017-жылга чейин жыл сайын  электроэнергиянын тарифи инфляцияны эске албаганда 10% тик деңгээлде бардык керектөөчүлөр үчүн кымбатттайт.

*****

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ушул жылдын 25-ноябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүүнү даярдоодо аймактык жана участкалык комиссияларга уюштуруу-техникалык маселелерин чечүү боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу жыйынын өткөрдү.

Штабдын жүрүшүндө Өкмөт башчысы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо республиканын 416 айылында, 25 шаарында өтөөрүн жана 2 млн. 516 миң адам катышаарын белгиледи.

БШКанын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоого даярдыктын жүрүшү жакшы экенин айтып, шайлоону өткөрүү жана ага даярдык боюнча бардык беренелер өз убагында Өкмөт тарабынан каржыланганын өзгөчө белгиледи.

*****

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 357 дары-дармектер жана медицинага керектелүүчү буюмдар  алынды.

КР саламаттык сактоо министирлигинин астындагы дары жана медтехника менен камсыздоо Департаменти  Бишкек  шаардык ички иштер башкармалыгы менен бирдикете көчөдө  мыйзамсыз сатылган дары-дармектерди жана медицинага керектөөчү буюмдарды (шприцтер, системалар, кол каптар, бинттер ж.б.) сатууга бөгөт кою үчүн  Ош базарынын аймагындагы  Кулиев көчөсүндө рейд жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 357 дары жана башка медбуюмдар алынды. Анын ичинен 175 дары жана буюмдардын жалпы суммасы 81 591 сом болду, калган 182 дары жана буюмдардын баасы такталууда.

Бейшемби, 22-ноябрь Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева UNICEFтин колдоосу менен бийик дэңгээлде Софияда (Болгария) өтүп жаткан регионалдык конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү. Вице-премьер-министр өз сөзүндө ар түрлүү себептер менен өздөрүнүн биологиялык ата-энесинин колунда тарбияланбаган балдардын үй-бүлөөдө багылышынын маанилүүлүгүн эске алып, балдардын багылышын жана анын механизимдерин өркүндөтүү максатында Кыргызстанда реформалоо иштери башталганын белгиледи. Учурда Кыргыз Республикасында бул максатты ишке ашыруу үчүн жатак мекемелерин оптимизациялоо боюнча План кабыл алынган жана фостердик үй-бүлөө тууралуу Жобо бекитилген.

*****

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев «Ош-Сары-Таш-Иркештам» жана «Сары-Таш-Карамык» автоунаа жолдорун калыбына келтирүү иштеринин толугу менен аякталышына байланыштуу салтанаттуу аземге катышты.

Оңдолгон магистралдарды ачуу аземи учурунда Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев – 255 чакырымды түзгөн “Ош-Сары-Таш-Иркештам» жана 136 чакырымдык «Сары-Таш-Карамык» автоунаа жолдорун оңдоп чыгуу иштери сапаттуу жүргүзүлүп жана өз мөөнөтүндө бүткөнүн канаттануу менен белгиледи. “Оңдолуп чыккан жолдордун жалпы узундугу 400 чакырымга жетет. “Ош-Сары-Таш-Иркештам» жолуна 172 млн., «Сары-Таш-Карамык» жолуна 48 млн. ашык АКШнын доллары инвестиция түрүндө чыгымдалды”- деп билдирди Премьер-министр.

Алай районунун жашоочулары Премьер-министр менен болгон баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жан Өкмөткө жолдорду калыбына келтирүү иштерин бүткөргөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Мурда Ош шаарына жетиш үчүн 7-8 саат корочу, азыр жолдор бүтүп түштүк борборго 3 сааттын ичинде жетип бара алышат. Ошондой эле кошуна малекеттер менен болгон соода-экономикалык операциялардын көлөмү көбөйөт. “Автоунаа жолдору бүткөндөн кийин Алай районунан башка айылдарга көмүр алып кетүү бир канча мертеге көбөйдү” – деп белгилешти аксакалдар.

*****

“Салыктык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо долбоорунун Координациялык комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Долбоордун алкагында Мамлекттик салык инспекциясынын жаңы веб-сайты каралып  чыгып ишке киргизилгени  жыйындын жүрүшүндө белгиленди. Веб-сайтты иштеп чыгууда негизги багыт салык төлөөчүлөргө багытталган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында  баардык райондук салык инспекциялар толугу менен компьютердик жана офистик техника менен камсыз болушту,  ошондой эле  мамлекеттик салык инспекциянын ведомстволук аймактык тармагынын дарегине VPN L2 аркалуу «Кыргызтелеком» ААКсына кошулду. Айрым салык башкармалыктардын   имараттары толугу менен оңдолду, 11 салык башкармалыгында “Бир терезе” орнотулду. Учурда “Кыргызтелекомдон” райондук салык башкармалыктарынын имараттарына чейин  оптикалык- волокно тартылууда.

Борбордук база-көрсөткүч жайгашкан атайылаштырылган имараты, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө үчүн башкармалыктын имараты, окуу борбору, колл-борбор жана маалыматтык технология башкармалыктарынын имараттары  курулуп бүткөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында координациялык комитеттин мүчөлөрү тарабынан көмөк көрсөтүүлүчу маселелерди активдештирүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Жума, 23- ноябрь 

Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтантаттуу чогулушта Вице-премьер-министр Т.Сарпашев Өкмөт келерки жылы аграрийлерди  колдорун билдирди.

Вице-премьер-министр аба ырайынын жана климаттык шарттын айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөгү тийгизген терс таасирин жана башка айыл чарбаны өнүктүрүүгө тийгизген терс факторлорго кеңири токтолду.

“Мамлекет 2013-жылы дыйкандар менен фермерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү алкагында 4.5 млрд. сом бөлүп берет. Ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинге  берүү программасы башталат”- деди вице-премьер-министр Т. Сарпашев.

*****

Рысалиев Зарылбек Кылычбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызмататынын төрагасы болуп дайындалды.  Мамыркулов Алик Бейшенович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Сатымбаев Абдибек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Исаков Жумадыл Ырысбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды. Жогорудагылар тууралуу тиешелүү буйруктарга  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.  Мыйзам чыгаруу иши  Бүгүнкү күнгө  парламентте  Өкмөт тарабынан киргизилген  134 мыйзам долбоору бар, анын ичинен 25 кечиктирилгис мыйзам долбоору катарында берилген. 2012-жылдын 23-ноябрына карта КР Өкмөтүнүн Аппаратына Жогорку Кеңештин 173 токтому, 173 фракциялардын чечими, 715 комитеттердин чечими, 14 протоколдук тапшырмасы, 1 113 депутаттык суроолор келип түшкөн жана көзөмөлдө. 173 токтомдун 125 ишке ашыруу боюнча Жогорку Кенешешке маалымат жөнөтүлгөн. 14 протоколдук тапшырманын баардыгы, 173 фракциялардын чечиминин 158 аткарылган. 715 комитеттердин чечиминин 639уна маалымат жөнөтүлгөн жана 1 113 депутаттык суроонун 992 си аткарылган. Документ жүргүзүү  Бул жумада КР Өкмөтүнүн Аппаратына министрликтерден, ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан, мекемелерден  1 286 документ келген жана каттоодон өткөн. Өкмөттүн Аппаратынан 2 545 чыгыш документтер кеткен, анын ичинен 81 документ  демилге көтөрүлгөн документ. 46 нормативдик актылар чыгарылды, алар: КР Өкмөтүнүн токтому – 14; КР Өкмөтүнүн буйругу  – 12; КР Премьер-министринин буйругу – 18; КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин буйругу  – 2. Мындан башка 31 нормативдик укуктук актыга экспертиза жүргүзүлүп 5 документ кайрадан иштеп чыгууга  маморгандарга кайтарылып берилген.

КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү