08

Декабрь

2012

( 3-8 декабрь 2012-ж.)

3-декабрь

Майыптардын Эл аралык күнүнө карата  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева  мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга  жардам корсөтүү максатында  алар менен жолугушту.

Аталган иш чаранын алкагында “Балдары майып ата-энелердин Ассоциациясы”  куттуктоолор менен бирге белектерди алышты.

Андан соң Камила Талиева  Кыргызстандын азиздер менен дүлөйлөр коомунун,  майып аялдар Ассоциациясынын, “Жаш майыптар” , “ИКАР”, “Манас” социалдык айылы, “Феномен”, “Талыкпас –Ата”, “Майыптарга юридикалык жардам берүү”  ж.б. коомдорунун  өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын проблемаларына көңүл буруу, алардын укутарын, нарк кадырын  коргоо  жогоруда аталган иш чаранын негизги максаты болуп калмакчы.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кызыкчылыктарын коргогон  коомдук уюмдар жана  жетекчилери менен жолугушуу учурунда алардын абалы, проблемалары жана чечүү жолдору тууралуу ачык сөз болду.

*****

Убалиев Элдияр Маматжанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун  басары болуп дайындалды.

Абдраев  Бектур Асымбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун  басары кызматынан бошотулду.

Жогорудагылар тууралуу тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.

*****

4-декабрь

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушту.

КЭРдин Мамкеңешинин Премьеринин расмий сапарынын  жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык жана техникалык кызматташууга байланыштуу айрым келишимдерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

КР Экономика  министирлиги менен КЭРн  Коммерция министирлигинин ортосундагы экономикалык жана инвестициялык иш чараларды өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Келишим;

КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги  менен КЭР Жер ресурстары министирлигинин  ортосундагы геология жана пайдалуу кен тармактар жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү Меморандуму;

Ошондой эле «Ош-Баткен-Исфана» жана  «Бишкек-Балыкчы» автоунаа жолдорун оңдоо долбоору боюнча КР Финансы министирлиги менен Кытайдын Экспорт-импорт банкынын жеңилдетилген насыя тууралуу Келишимине кол коюлду. Келишим боюнча 136 млн. АКШ долл. берүү каралган. Каражаттар жеңилдетилген шартта 35% грант-элементти сактоо менен берилет.

Мындан тышкары Кытай менен Кыргызстан газ түтүгүн куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантмакчы болушту. Түркмөнстан менен Кытайды байланыштыруучу газ түтүгү Кыргызстандын территориясы  аркалуу өтүшүнө кыргыз тарап кызыкдардыгын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандан Кытайга кургак сүттү экспорттоо талкууланды. Жакынкы аралыкта ата-мекендик кургак сүттүн сапатын КЭРдин техникалык регламентине тиешелүүлүгү текшерилет. Эгерде регламентке ылайык келсе жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн Кытайга жол ачылат.

*****

КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык  менчик жана инновация кызматы (Кыргызпатент)  үй-бүлөө Жылына арналган  жеткинчек балдардын арасында “Менин үй- бүлөөм” аттуу сүрөт конкурсун өткөрдү.

Конкурска республиканын баардык булуң бурчунан 570 жеткинчек балдар катышты. Катышуучулар жашы 4-11, 12-14, 15-17 категорияларында  мелдешти жана балдардын чыгармаларын КР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөлөрүнөн, КР көркөм Академиясынын мугалимдеринен турган абройлуу жюри баалады. Жюринин аныктамасы боюнча Кыргызпатенттин грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен конкурстун 43 катышуучусу, ошондой эле сыйлуу белектер менен дагы 9 катышуучу сыйланышты.

 5-декабрь 

 Бишкек шаарында   Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ)  мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин кезектеги ХI-жыйыны өз ишин “Ала-Арча”  мамлекеттик резиденциясында аяктады.

 Жыйындын ишине Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вень Цзябао, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акилов жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов катышты.

Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг, Иран Ислам  Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими, Афганистан Ислам Республикасынын Вице-президенти Карим М. Халили, Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Санджай Сингх ШКУнун ишине байкоочу катары  катышты.

Өкмөт башчылары  Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет  мүчөлөрү соода-экономикалык, техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча ар тараптуу  спектрдеги  маселелерди талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өлкө Башчылары  айрым документтерге жана биргелешкен Коммюникеге кол коюшту.

Алардын арасында Шанхай кызматташуусу Уюмунун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташуусу Уюмунун Финансылык отчету, Шанхай кызматташуусу Уюмунун 2013-жылга карата бюджети, ШКУнун өнүктүрүү Фондун (Атайын эсепти) жана өнүктүрүү Банкын уюштуруу жактырылды.

 Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен Коммюнике кабыл алынды.

*****

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ)  мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрийй Медведев менен жолугушту.

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев  россиялык тарапка көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. “Акыркы үч айда биргелешип жасалган иш чаралар кыргыз-россия мамилелеринин динамикалуу өсүшү тууралуу күбөлөндүрөт. Бул албетте биздин кызматташуубуз  практикалык иш жүзүндө жакшы жүрүп жатканын көрсөтөт.”,-деди Ж.Сатыбалдиев

 Д.Медведев  Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өткөргөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык айтты.”Баардыгы аябагандай татыктуу өттү. Алдыга пландаштырылган результаттар ишке ашты”,- деди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрийй Медведев.

Жолугушуу учурунда жакынкы жылдардагы белгиленген  гидроэнергетика тармагындагы болбоорлор, мындан ары товар алмаштырууну көбөйтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштар  боюнча эки тараптуу кызматташуунун багыттарынын  маселелери  талкууланды.

*****

Ошондой эле Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Тажикистан Республикасынын  Премьер-министри Акил Акилов, Монголиянын  Премьер-министри  Норовын Алтанхуяг, Афганистандын вице-президенти Мохаммад Карим Халили менен жолугушту.

Мындан бир күн мурда  КР  Өкмөт Башчысы  Иран Ислам Республикасынын  вице-президенти  Мохаммад-Реза Рахими жана  Казакстан Республикасынын Премьер-министри  Серик Ахметов менен жолугушкан.

Бул жолугушуулар учурунда ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, гуманитардык кызматташуунун чараларын жана преспективасын теренддетүү боюнча маселелер талкууланды.

6-декабрь

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынына катышып, депутаттардын суроолороуна жооп берди.

Ж.Сатыбалдиев мамлекеттик органдардын транспорттук жана иш сапардык чыгымдарынын натыйжалуулугун аныктоо боюнча комиссия түзүлөөрүн, жыл сайын “башка чыгымдар” статьясы боюнча 12 млрд. сом, анын ичинен 790 млн. сом транспорт чыгымдарына жумшалаарын билдирди. “Бул эбегейсиз чоң каражат.Эгерде биз аларды кыскарта алсак ал каражаттарга жаңы мектептерди курса болот. ”Башка чыгымдар” статьясын тартиптештирсек анда капиталдык салымдарды биз көбөйтө алабыз. Ушуга байланыштуу башка чыгымдардын сарпталышын текшерүүчү комиссия түзөлү деп жатабыз”, - деп Премьер-министр билдирди.

Бир суроого жооп берип жатып,  Ж. Сатыбалдиев Өкмөт “Кумтөрдөн” экономиканын көз карандысыздыгына  жетишүүгө аракеттенип жатканын айтты жана мындан ары тоо-кен тармагына берилүүчү бир да лицензия “жабык эшик” аркасында өтпөсүн парламентарийлерге билдирди.

Парламенттин жыйынында Ж. Сатыбалдиев жаңы жылда Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлыгы Коргоо министиринин кызматкерлеринин айлыгына теңелээри тууралуу ишендирди.

Ж. Сатыбалдиев жыл жыйынтыгы боюнча ар бир мамлекеттик орган өз баасын алаарын, эгерде милдеттерин аткара албай калышса ага жооп беришээрин, мамлекеттик органдардын ишинде шалакылыка жол бербестигин билдирди.

*****

Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарында өткөн Көз Карандысыз Шериктештер (КМШ) мамлекет башчыларынын  Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгында өткөн жыйында КМШ өлкөлөрүнүн  мамлекет башчылары,  ал эми Азербайжан менен Молдова мамлекеттеринен  Премьер-министрлер катышты.

Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында КМШ аткаруу комитетинин төрагасы-Аткаруу катчысы Сергей Лебедевдин, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жетекчиси Валентина Мотвиенконун аталаган Ассамблеянын иши жөнүндө маалыматтары угулду.

Жыйындын катышуучулары  Мамлекеттер аралык “Шериктештиктин маданий борборлору” Программасынын жобосун бекитишти. Аталган Программманы 2013-жылы Азербайжан, Армения жана Беларусияда жүзөгө ашыруу үчүн Габала, Гюмри жана Могилев шаарларын Шериктештиктин маданий борборлору деген чечим кабыл алынганын жарыялашты. Ушуну менен катар 2013-жыл-КМШ мамлекеттеринин экологиялык маданият жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Жылы деп атоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында КМШ Аткаруу комитети тарабынан даярдалган 24 документ боюнча чечимдер кабыл алынды. Кол коюлган документтердин арасында КМШ мамлекет башчыларынын мындан ары кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүү боюнча Декларациясы, 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесин майрамдоо тууралуу жана башка документтер бар.

Мамлекет башчылары ошондой эле КМШ аткаруу комитетинин төрагасы-Аткаруу катчысы Сергей Лебедевдин ыйгарым укугун 2016-жылга  чейин узартуу боюнча чечим кабыл алышты, КМШ Экономикалык сотунун  жаңы Төрагасын, КМШ мамлекеттеринин террористерге Каршы борборунун Жетекчисин, КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер Кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык Комитетинин төрагасын бекитишти.

Жыйындын алкагында сырткы чек араларда кризистик абал пайда болгондо жардам берүү жана тескөө боюнча КМШ мамлектеринин чек ара жана башка ведомстволордун өз ара иштөөсүн уюштуруу боюнча бекитилген Жобонун 2007-жылдын 5-октябрындагы протоколун ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планы бекитилди.

*****

Ашхабад шаарында  көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин  (КМШ) мамлекет башчыларынын саммитинин алдында Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын  Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Түркмөнстан менен баардык багыттар боюнча ийгиликтүү кызматташууну бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдардыгын, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү активдештирүүгө даяр экендигин белгиледи.

Улутттук кызыкчылыктар менен эл аралык кызматташуунун жаңы милдеттерине жооп берген эки тараптуу мамилелерди бийик жаңы деңгээлге чыгарууга тараптар ынтызарлыгын билдиришти.

 *****

“Жакыр үй-бүлөөлөрдүн социалдык паспорту” программасын камсыздоо боюнча презентация болуп өттү.

Аталган программа аз камсыз болгон жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталып, социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөөлөргө натыйжалуу жардам бергенге түрткү берет.

Социалдык паспорттун маалыматтык системасы азырынча райондук социалдык коргоо башкармалыгынын жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде пилоттук  вариантта болот.

 7-декабрь

Дүйнөлүк Банк Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоо үчүн 30 млн. доллар бөлүп берүү маселесин  жаңы жыл башында карайт.

Бул тууралуу Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Дүйнөлүк Банктын миссиясынын жолугушуусунда билдирилди.

Дүйнөлүк Банктын директорлор Кеңешинин жыйынын өткөрүү  2013-жылдын январында пландаштырылууда.

*****

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти   Кьеши Кодераны кабыл алды.

Тараптар жолугушуу учурунда айыл чарба секторун, жол-транспорттук тармагын өнүктүрүү, Бишкектеги кыргыз-япон адам өнүгүүсү борборунун базасында кыргызстандык ишкерлерди окутуу жана мындан ары кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты.

Вице-президенттин айтуусу боюнча, жогорудагы негизги багыттар JICA тарабынан даярдалган  Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу тууралуу аналитикалык материалда чагылдырылган.

*****