15

Декабрь

2012

 (10-15-декабрь, 2012-ж.)

10-декабрь

Премьер-министр  Жантөрө Сатыбалдиев Ага Хан өнүктүрүү Тармагынын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Нуржахан Мавани менен жолугушту.

 Тараптар кызматташууну өнүктүрүүнүн маселелерин, Ага Хан өнүктүрүү Тармагынын 2013-жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча пландарын талкуулашып, Өкмөт башчысы  фермерлерди   колдоо  боюнча жаңы жылда пландаштырып жаткан долбоорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн  сунуштады.

 Ошондой эле Ж. Сатыбалдиев жана Нуржахан Мавани Нарын шаарындагы  Борбордук Азия Университетин курулушунун жүрүшүн талкуулашты. Премьер-министр аталган долбоордун тез бүтүшүнө Өкмөт кызыкдар экендигин билдирди.

 *****

11- декабрь

Жатак тибиндеги балдар мекемелерин 2013-2016- жылга каржылоону жана башкарууну оптималдаштыруу жөнүндө Өкмөттүн токтому кабыл алынды.

Аталган документ менен  Кыргыз Республикасынын жатак тибиндеги балдар мекемелерин 2013-2016- жылга каржылоону жана башкарууну оптималдаштыруу  боюнча Планы бекитилди.

Аталган Пландын кабыл алынышы “Социалдык коргоо жана мамлекеттик каржылоону башкаруу - Кыргызстан 2010” Программасындагы  секторалдык саясатты колдоо  жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык коомчулуктун келишиминин атайын шарты болуп эсептелинет.

Пландын алкагында үй-бүлөөлүк шартка ыңгайлаштырган кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу  жана үй-бүлөө менен балдардын, ошондой эле жергиликтүү жамааттын  башка социалдык жардамдарга муктаждыгын өнүктүрүү жагы каралат.

Ошондой эле План жатак тибиндеги мекемелерде балдардын санын кыскартууга көмөк көрсөтөт.

 *****

Премьер-министрдин региондорго болгон иш сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда  ар түрлүү маанидеги суроо-талаптар, арыз даттануулар,  баардык тармактар боюнча сунуштар жана ой-пикирлер айтылган.

Региондорго болгон иш сапардын жыйынтыгы боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар бир суроо талап   бекитилген иш планга киргизилип, анын ар бир пунктунун аткарылышына  убакыт чектелип,  аткарылышы көзөмөлгө алынган.

Ош облусу боюнча бекитилген иш пландын  4 пункттунун  белгиленген мөөнөтү боюнча 3 пункт аткарылып,  1 пункттун аткаруусу уланууда.

Ноокат районун айланып өтүүчү Ош-Кызыл-Кыя жолунун курулушу жөнүндө: Ош-Баткен-Исфана автожолунун 10-28 чакырымдар аралыгын реабилитациялоо иштерине Дүйнөлүк Банк тарабынан 16 млн. АКШ доллары каралууда. Бул каражаттын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө. Учурда курулуш компанияларын тандоонун жыйынтыгы боюнча банктар менен макулдашуу жүргүзүлүп жатат. 2012-жылдын 12-октябрында эл аралык консультанттар менен даярдалган отчетту кароо боюнча тендердик комиссиянын жыйыны болуп өттү. Көрсөтүлгөн тендердик комиссиянын отчетун жана чечимин жактыруу үчүн банкка жөнөтүлдү. 2012-жылдын  ноябрь айында  башында  курулуш иштерине контракт түзүү күтүлүүдө.

            Реабилитация иштери башталганга чейин жолдун абалын жакшыртуу максатында  эски асфальттын тегиз эмес жерлери грейдер менен кесип шагыл менен тегизделди.

Ноокат районун айланып өтүүчү Ош-Кызыл-Кыя жолунун курулушу боюнча учурда Ноокат жана Баткенди айланып өтүүчү жолдордун техникалык экономикалык негиздемесин жана долбоорун даярдоо иштерин каржылоого Дүйнөлүк Банк менен макулдашуу жүрүүдө.

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 123-155-чакырымын реабилитациялоо долбоорунун курулуш иштерине көзөмөл жүргүзгөн Германиянын «КОКS Int» консультациялык компаниясы тарабынан жолдордун техникалык экономикалык негиздемесин жана долбоорун аткаруусу күтүлүүдө.

 Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургундары комбайн техникасы менен камсыздоо маселеси боюнча кайрылышкан.

Ноокат районунун аймагында бүгүнкү күндө «Канды», «Белөрүк», «Кыргызата»  техсервистери түзүлүп иштеп жатат. Т. Кулатов атындагы айылдык округунда техникалык сервис уюштуруу иштери пландаштырылган. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖЧК менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар 2 даана дан оруп жыйноочу комбайн жана МТЗ маркасындагы трактор сатып берүүгө убадаларын беришкен. Башка айылдык округдарда да техсервистерди уюштуруу, майда чарбалык субьектилерди бириктирип кооперативдерди түзүү максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиевдин региондорго болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бекитилген иш чаралардын аткарылышы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү тармактык бөлүмдөрүндө көзөмөлдө болот.

*****

 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобо бекитилди.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана сактоону мындан ары өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Документке ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын штаты  6 873 бирдик болуп бектилди, анын ичинен 6 304 бирдик аскер кызматчысы.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына (мөөнөттүк аскер кызматынынын аскерлеринен тышкары) пенсия чектөөдө кызмат өтөгөн жылдары үчүн төмөндөгүдөй пайыздык кошуулар болот:

-бир ай кызмат өтөө бир жарым айга теңелет;

-деңиз деңгээлинен 1800 м. бийиктикте, ошондой эле Баткен облусунда дайыма жайгашкан  аскедик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына бир ай кызмат өтөө эки айга теңелет.

 *****

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы “Кыргызагроазыктүлүк корпорация” ААК 24 млн. сомду ыйгарып жоготкон фактыны ашкереледи.

Ашкереленген сумма 24 млн. сомду түзөт, аталган каражат өлкөнүн айыл чарбасын колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалмак. “Кыргызагроазыктүлүк корпорация” ААК финансылык бузуулар боюнча фактылары КР Эсептөө палатасынын актылары менен тастыкталган.

2012-жылдын 7-декабрында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан  КР Кылмыш кодексинин  171, 221 статьялары боюнча   кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иштер жүргүзүлүүдө.

12- декабрь

Белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Суеркуловдун 100 жылдык мааракесин коомчулук белгиледи. Мааракенин алкагында Абды Суеркуловдун бюстуна гүл коюлду.

 Мекендештеринин алдында сүйлөгөн өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев, Абды Суеркуловдун экономиканы өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын белгилөө менен  жалпы эле Кыргызстандын өнүгүшүнө эбегейсиз эмгек сиңиргенине токтолду. “Абды Суеркулов карапайым элге кызмат өтөөгө багытталган иши менен  кесиптештери менен мекендештеринин арасында абройлуу сый-урматка ээ болгон. Кыргыз ССРинин министирлер Советинин Төрагалык кызматы учурунда курулуп башталган  маанилүү өнөр-жай, маданий жана билим берүү объектери азыркы күнгө чейин элибиздин керегине жарап кызмат өтөөдө. Элибиздин бакубат жашоосуна арналган Абды Суеркуловдун ысымы  Кыргызстандын тарыхында татыктуу орундуу ээледи”,- деп кошумчалады.

Абды Суеркуловдун 100 жылдык мааракесинин алкагында, анын чоң эмгек жолун жана турмушун чагылдырган  көргөзмөлөрдү, конференцияларды, тематикалык экспозицияларды камтыган  бир топ иш-чаралар уюштурулганын белгилейбиз.

 13-декабрь

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгынын астында КР Өкмөтүнүн алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык Кеңештин 2-жыйыны өттү.

Өкмөт башчысы бул документтин маанилүүлүгү жана приоритеттүү багыттары тууралуу айтып,  Стратегия боюнча донордук коомчулук өз сунуштарын, баяндамаларын берээри тууралуу ишенимин билдирди.

Бүгүнкү Координациялык Кеңештин жыйынында 2013-жылы Бишкекте өтүүчү донорлордун эл аралык конференциясына даярдануу маселелери, энергетикалык коопсуздук,ошндой эле калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу коопсуздугу боюнча азык-түлүктүн баалары тууралуу маалымат угулду, ошондой эле сырткы жардамдардын  тактоочу  базасын түзүү маселеси каралды.

Эл аралык конференцияда сунуштарды талкулоо жана презентациялоо үчүн секторалдык жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Премьер-министр мамлекеттик органдарды аталган конференцияга активдүү катышуусунун зарылчылыгына жана анын ишине областтарды тартуунун маанилүүлүгүнө  баса көнүл бурду.

 *****

14-декабрь

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Курманбек Осмонов акыркы убакта  Өкмөттүн Аппаратынан жана  Премьер-министрдин номенклатурасына кирген министирликтердеги мамлекеттик органдардагы  иштеген кызматкерлердин канчоосу кызматынан бошотулганы тууралу маалымат берүү тууралуу  Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылды.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин наменклатурасына 550 кызмат кирерин билдиребиз.

2012-жылдын 7-сентябрынан 13-декабрга чейинки мөөнөттө Премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан 37 адам бошотулган.

Анын ичинен:

- жеке арызы менен -7;

- башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу-2;.

- башка себептер менен-28;

 Кыргыз Республикасынын  Өкмөттүн Аппаратынан 2012-жылдын 7-сентябрынан 13-декабрга чейинки мөөнөттө  бардыгы болуп 49 адам кызматынан бошотулган.

Анын ичинен:

- саясий кызматты ээлеген мамлекеттик кызматкерлер 23, мунун ичинен  2 башка кызматка өтүшкөн;

- аппаратты кайра түзүүдөн - 15;

- жеке арызы менен - 3;

- кеңешчилер жана жардамчылар- 8.

Бардыгы – 86 адам.

 Министирлердин орун басарларын жана агентстволордун жетекчилери менен орун басарларын (жана башка Премьер-министрдин номенклатурасына кирген кызматкерлерин) кызматтан алуу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз:

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2007-жылдын  27- августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” №  385-  Указына ылайык министрдин орун басары, мамагентигинин директору (директордун орун басары), фонддун төрагасы (төраганын орун басары), кызматтардын (инспекциянын) төрагасы (төраганын орун басары), департаменттин директору мамлекеттик саясий кызматтарга киргизилген.

Жогоруда аталган кызмат орундары  ишеним укук көрсөтүлгөн  жактардын берген сунуштарына ылайык чечим кабыл алынат.

*****

Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Катран жана Лейлек айыл аймактарынын тургундары  жана “Апрельское” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан инвесторлор менен жолугушту.

 Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар геологиялык чалгындоочулар менен болгон жаңжалдын себептерине токтолушту.

 Алардын айтуусу боюнча, эгерде тиешелүү мамлекеттик органдар өз убагында жергиликтүү калкка туура маалымат  беришсе, нааразычылык болмок эмес дешти.

Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлү Арстанбек Сатаров буга чейин түшүндүрүү иштери болбогонуна токтолуп, мындан ары бул мүчүлүштү четтетишерин жана жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштешери тууралуу билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Премьер-министр эл арасында түшүндүрүү ишинин зарылчылыгына токтолду. “Бул кенди иштетүүбүз керек. Анан жумушчу орундар түзүлүп, жергиликтүү бюджетке бир топ каражат түшүп, ал ушул жерде жашаган элдин социалдык-экономикалык проблемаларын  чечүүгө жумшалат. Ишканада иштегендердин 95 пайызы жергиликтүү тургундардар болоорун да унутпашыбыз керек. Ишкананы ишке киргизүү өтө маанилүү, анткени Лейлек району Бишкектен эң алыс район жана жергиликтүү тургундар дыйканчылык менен гана алектенет. Ошондуктан райондун экономикасын көтөрүп, өнөр жайды өнүктүрүү зарыл”,- деди Премьер-минситр.

 *****

15-декабрь

 Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевчек арага жакын аймактардын проблемалары менен таанышты.

Өкмөт башчысы Лейлек районунун Максат айылында болду. Райондун акими Тилеберди Арипов аталган айылдын тургундары 4 айыл кирген  Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундарындай эле кошуна кыргыз айылдарына барыш үчүн  Тажикстандын чек арасы аркалуу  өтүшөөрүн айтып,  эгерде “Кожо-Бакырган-Сай” дарыясына көпүрө курулса кошуна  кыргыз айылдарына жана райондук борборго Тажикстандын чек арасын кеспестен өтө алышат эле”,-деди чиновник.

Райондун акиминин позициясын угуп Премьер-министр жергиликтүү тургундарга  аталган инженердик курулуштар  жакын арада курууларын ишендирди.

Андан соң Премьер-министр Арка насос станцияларынын каскадына барды. Төрт тепкичтүү аталган насостук станция Жаңы-Жер айыл аймагынын айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыздайт. Аталган насостук станция жылдан жылга эскирип, ишинин натыйжалуулугу төмөндөөдө. Бул маселени чечүү үчүн Жаңы-Жер айыл аймагынын айдоо аянттарын сугаруу үчүн башка альтернативдик долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

****

Мыйзам чыгаруу ишмердиги

Бүгүнкү күндө КР Жогорку Кеңешинин кароосуна  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 128 мыйзам долбоору демилге кылынган. Анын ичинен  17 кечиктирилгис мыйзам долбоорлору.

КР Жогорку Кеңешинин үчүнчү сессиясынын мезгилинде (01.09.2012- 14.12.2012 ж.) Өкмөт демилге кылган 1 токтом жана 36 мыйзам долбоору кабыл алынган (анын ичинен 15 кечиктирилгис), КР Президенти 19 мыйзамга кол койгон, 3 долбоор четке кагылган.

 2012-жылдын 1-июлунан 14-декабрга чейин  КР Өкмөтү 19 мыйзам долбоорун кайра чакырып алган.

14-декабрга карата Өкмөттүн Аппаратына Жогорку Кеңештен 110 токтом, 180 фракциянын чечимдери, 804 комитеттердин чечимдери, 14 протоколдук тапшырма, 1196 депутаттык суроо  келип түшкөн жана көзөмөлгө алынган.

Жогорку Кеңештин 110 токтомунун 65 ишке ашыруу боюнча маалымат жөнөтүлгөн. 14 протоколдук тапшырма толугу менен аткарылган. Фракциялардын 180 чечимдеринин 172 аткарылган. 804 комитеттердин чечимдеринин  720  ЖК жооп жөнөтүлгөн. 1196 депутаттык суроонун 1106  аткарылган жана көзөмөлдөн алынган.

Калган  КР ЖК контролдук документтери Өкмөттүн Аппаратынын  бөлүмдөрүндө жана аткаруу бийлигинин органдарында  аткарылууда.

 Документ жүгүртүү: 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында бул жуманын 5 иш күнүндө республиканын мамлекеттик органдарынан 2013 документ келип түшкөн жана каттоодон өткөн.

Ушул эле убакта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан 2351 чыгыш  документ ар кандай инстанцияларга жиберилген, анын ичинен 61демилге кылынган документ.

38 нормативдик актылар чыгарылган, анын ичинен:

-  КР Өкмөтүнүн токтомдору-19;

 - КР Өкмөтүнүн буйруктары- 12;

- КР Премьер-министринин буйруктары - 5;

- Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин буйркутары - 2.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                              маалыматтык саясат бөлүмү