13

Январь

2013

(8-12 январь, 2013-ж.)

8- январь

Энергетика жана өнөр жай министирлигинин жылдык коллегиясы болду

Коллегиянын күн тартибинде 2012-2013-ж.күз-кыш мезгилин өткөрүү маселеси каралды.

Коллегиянын  ишинин жыйынтыгы боюнча “Түндүк электр” ААКсынын генералдык директору И.А. Кадыркуловдун кызмат ордунун ылайыктуулугун кароо директорлор Кеңешине сунушталды.

Мындан тышкары  “Электр станциялар” ААК  генералдык директорунун биринчи орун басары А.Н. Исраиловго,  “Улуттук электр тармактары” ААК генералдык директорунун биринчи орун басары А.В.Бородинге, генералдык директордун орун басары Т.О.Ибраевге, “Түндүк электр” ААК коммерциялык директору А.Д.Баймуратовго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле айрым энергетикалык компаниялардын жетекчилерине ээлеген орундарынын ылайыктуулугу тууралуу эскертүүлөр берилди.

9- январь

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр-чатактын келип чыгышын жана себебин иликтөөчү тармактар аралык комиссия түзүлөт

Мындай чечим  КР Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Аталган Кеңештин  жыйынынын отурумунда  5-январдан 7-январга чейин Баткен облусунун Чарбак айылынын жана Сох анклавынын жанында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арада болуп өткөн окуянын келип чыгышы жана себеби талкууланды.

Кеңештин мүчөлөрү Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси З.Тиленовдун, КР Өкмөтүнүн  Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаковдун, ИИМ министри Ш.Атахановдун докладдарын угушту.

Премьер-министр  облустук штаб кечигүү менен түзүлгөндүгүн белгилеп,  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация иштерин жандандырууну айтты. “Бардык талаш маселелерди чечүү жана мамлекеттик чек араны бекем кайтаруу – бул чек арадагы стабилдүүлүктүн жана тынчтыктын белгиси. Бул жаатта биз ишти кайрадан жандандырабыз”, – деди ал.

 “Баткен облусунун Чарбак айылынын жанында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында  болуп өткөн окуя тууралуу” КР Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу Кеңешинин  отурумунун жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын 5-7-январындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы окуянын келип чыгышын жана себебин изилдөо боюнча тармактар аралык комиссия уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынды.

10- январь

Айыл чарба  жана мелиорация  министирлиги менен Кыргызстандын нефтерейдерлер Ассоциациасынын ортосунда Меморандумга кол коюлду

Меморандумга ылайык республиканын райондору жана облустарынын чегинде күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон керектөөнү Ассоциацияга өз убагында берип турууга Министирлик милдеттеме алат. Өз кезегинде Ассоциация зарыл керектөөлүүчү көлөмдө күйүүчү-майлоочу  материалдарды нефтебазаларда жана май куючу станцияларда камсыздайт.

Биринчи мындай Меморандум 2012-жылдын башында тараптар аркалуу кол коюлганын белгилейбиз. Мындай механизм талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдануу маалында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоодо  өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

 11- январь

Жаш кыргызстандыктар биринчи паспортторун бекер алышты

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаш мекендештерибиздин биринчи жолу   алып жаткан паспортторун тапшырды.

Бүгүн, калкты тейлөө Борборунда 20 жаран, ар бир борбор калаанын районунан бештен адам паспортторун алышты. Жакын арада бекер паспортторду берүү бүт өлкө боюнча жүргүзүлөт.

Паспортторду тапшырып жатып Вице-премьер-министр ал бала кезинде биринчи документтерин бекер алганын белгиледи. “Биз ошол салтка кайрылып баруубуз керек. Паспортторду берүү биздин ички резервдердин эсебинен жургүзүлөт. Жаңы жыл алдында Өкмөт жаш жарандарга белек катары бекер документ берүүнү чечкен. Бир жылда 114 миңге жакын  адамды паспорт менен камсыздоо каралууда”,-деди ал.

12- январь

 Чек арачылардын айлыгы 2013-жылдын 1-январынан баштап 25-50 % жогорулады

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

 Аталган документке ылайык 2013-жылдын 1-январынан баштап Чек ара кызматынын өздүк составынын айлыгы ээлеген кызматына, аскердик чинине жана кызмат өтөгөн жыл стажына  байланыштуу 25 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулайт.

 Ж.Сатыбалдиев токтомго кол коюп жатып -“Мамлекеттик чек араны ишеничтүүлүк менен кайтаруу чек арага жакын жайгашкан райондор үчүн, ошондой эле жалпы мамлектибиз үчүн туруктуулуктун , бакубаттулуктун белгиси болот. Өкмөт чек арачыларды  алардын жеңил эмес кызмат өтөөсүн ар тараптуу колдоого алышы керек. Ушуга байланыштуу мен ушул жылдын 1-январынан баштап Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча токтомго кол кою тууралуу чечим кабыл алдым. Өкмөттүн мындай чечими биздин чек арачылардын ишине түрткү берип, эртеңки күнүнө ишеним жаратат деп ишенемин”, – деди.

*****

“Жер үй” алтын кени конкурска коюлат

Мындай чечим 12-январда болгон КР Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Бул маселе боюнча негизги докладчы экономика министри Темир Сариев болду. Анын айтуусу боюнча “Жер үй” кенинде алтындын запасы 100 тоннаны түзөт.

Маселени талкуулоо учурунда  Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Жер үй” кени алтындын запасы боюнча “Кумтөрдөн” кийинки орунда экендигин белгилеп, аны өздөштүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө барандуу салымын кошоорун айтты.

Мындан ары ар бир кен боюнча атайын тармактар аралык комиссия түзүлүп, кен конкурска же аукционго коюларын  Премьер-министр  белгиледи.

“Эгерде жылына 5 т. алтын өндүрүлсө, кенди өздөштүрүү 20 жылдан 25 жылга чейин созулат”,- деп белгиледи   Темир Сариев. Жаңы түзүлгөн жумуш орундардын саны 2 миңге жетет, анын 90 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт. Жалпысынан алтындын запасынын бүгүнкү рыноктук баасы 5млрд. АКШ долларынын тегергинде бааланууда.

“Жер үйдүн” белгиленген баштапкы баасы 100 млн. АКШ долларын түзөт. Аталган сумманын 85% өлкөнүн бюджетине, 7% жергиликтүү бюджетке, 7%  КР Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин минералдык-чийкизат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсебине жана 1%  аукционду уюштуруучулардын атайын эсебине чегерилет.

Конкурс үч этап менен ѳтѳт.  Жеңүүчү аныкталгандан кийин инвестор 30 күн ичинде Талас облусунда каттоодон өтүшү керек жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте салыктар чегерилет. Андан соң жеңүүчү 2 жылдын ичинде алтын комбинатын куруп бүтүрүшү керек.

Кадрлар жана дайындоолор

Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев кол койду.

Премьер-министрдин башка буйругу менен Куйкеев Эрик Асанович  Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды.

*****

Усенбеков Рамис Турсунбекович Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрилигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун ээлеген директор кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-минимстри Ж.Сатыбалдиев кол койду.

Премьер-министрдин башка буйругу менен аталган Борбордун директору болуп Сагыналы Маматов дайындалды.

Мыйзам чыгаруу ишмердиги

Учурда КР Жогорку Кенешинин кароосунда Өкмөт тарабынан демилгеленген 136 мыйзам долбоору каралууда. Анын ичинен 17 долбоор кечиктирилгис мыйзам долбоору катары аныкталган.

КР Жогорку Кеңешинин үчүнчү сессиясынын убагында( 01.09.2012 ж.-12.01.2013 ж.) Өкмөт тарабынан демилгеленген 39 мыйзам долбоору, 1 токтом кабыл алынды, КР Президенти 29 мыйзамга кол койду, Жогорку Кеш тарабынан 3 мыйзам долбоору четке кагылды жана 2 мыйзам долбоорго КР Президентинен каршылыка учурады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

  маалыматтык саясат бөлүмү