18

Январь

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун дарегине Талас облусунун сүттү кайра иштетүүчу ишканаларыныны жетекчилери М.Давлеталиевден жана Б.Тууганбаевден кат келип түштү. Катта мындай деп айтылат: “Талас облусунун сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын кызматчылары жана жумушчулары жаңы жылдын алдында өңдүргөн товардык продукцияларын коңшу Казахстанга экспортко чыгарууга жол ачылгандыгы жөнүндөгү куш кабарды кубануу менен кабыл алышты. Ачыгын айтканда, акыркы жылдары республикабызда мал оорусунун пайда болгондугуна байланыштуу казак туугандарыбыз сүт азыктарын чек арадан өткөрүүгө тыюу салып коюшкан. Учурда республикабызда жана биздин облуста мал оорусу толугу менен жоюлуп, Кыргыз Өкмөтүнүн чечкиндүү аракети менен сүт азыктарын коңшу өлкөгө экспорттоого жакшы жолдомо алдык. Ошондуктан, урматтуу Өмүрбек Токтогулович, Сизге жана Сиз жетектеген Кыргыз Өкмөтүнө республиканын жана биздин облустун сүттү кайра иштетүүчү ишканаларына колдоо көрсөткөндүгүңүз үчүн  чын дилибизден ыраазылык билдирип, ырахматыбызды айтабыз. Жанырган 2012-жыл мына ушундай жакшы саамалыктар жана эмгектик ийгиликтер менен коштолуп, республикабыздын экономикасы жогорулап, элибиздин биримдиги менен ынтымагы арта берсин!