08
Апрель
7-апрелде Ош шаарына Өзбекстандан 840 тонна минералдык жер семирткичтер алынып келди жана апрель айынын аягына чейин дагы 60 тоннага жакын минералдык жер семирткичтерди алып келүү күтүлүүдө.
Минералдык жер семирткичтерди Кыргызстанга алып келүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Өзбекстан Республикасынын жетекчилиги менен өлкөнүн дыйкандары үчүн 200 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келүү тууралуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду.
Мындан тышкары Кыргызстанга Россиядан 6 миң тонна көлөмдө буудайдын экинчи партиясы келип түштү. Буга чейин 5 миң тонна россиялык буудай республикага алынып келген. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосунда 20,0 тонна азык түлүк буудайды Россиядан акысыз гуманитардык жардам катары алуу тууралуу келишимдин негизинде жогоруда аталган буудайдын экинчи партиясы келгенин белгилейбиз.
Россиялык буудайдын калган бөлүгү апрель айынын аягына чейин келиши күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү