13

Апрель

2015

Министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2015-жылга карата пландары көрсөтүлгөн китепче жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын милдет/максаттарына жетишүү боюнча министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2015-жылга карата иш-аракет жана милдеттенмелер планы көрсөтүлгөн китепче жарык көрдү. Материалдар КР Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында иштелип чыккан. Китепчеге министрлик, ведомство жана мамлекеттик агенттик жетекчилеринин пландары камтылып, тийиштүү иш-чаралар жана күтүлүп жаткан натыйжалар көрсөтүлгөн. Ошондой эле басылмада Өкмөттүн мамлекеттик түзүмдөрдүн коомчулук алдындагы отчеттуулугун, ачык-айкындуулук стратегиясын колдоо жаатындагы иш-аракети чагылдырылат. 2014-жылдан тарта мындай китепчелер жыл сайын жарыяланат. Эксперттердин айтымында, 2015-жылга карата планда өзгөчө басым заманбап технологияларды пайдаланууга, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү чыңдоого, коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө жана инвестицияларды тартуу маселелерине жасалган. Пландардын стратегиялык маанилүү пункту катары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кирүүсүн камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы эсептелет. Брошюранын толук мазмуну менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот: Кыргыз тилиндеги тексти:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын милдет/максаттарына жетишүү боюнча министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2015-жылга карата иш-аракет жана милдеттенмелер планы (кыргыз тилинде) Орус тилиндеги тексти: Планы действий и обязательств руководителей министерств и ведомств на 2015 год по достижению целей и задач Программы Правительства Кыргызской Республики (на русском языке).

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү