30

Январь

2015

2030-жылга карата Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо деңгээли 60% жеткирилет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз кеңешмесинин жүрүшүндө КР 2030-жылга газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын бетачары тартууланды. Бетачар боюнча «Газпром Промгаз» ААК башкы директору Юрий Спектор баяндама жасап, республиканын бардык облустарын газ менен камсыздоону караган Кыргыз Республикасын 2030-жылга газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасын иштеп чыгуу жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Өз баяндамасында Юрий Спектор белгилегендей, республиканы газдаштыруу боюнча башкы схема — бул газ өнөр жайынын бардык тармагын камтыган комплекстүү тутумдуу иш болуп саналат. Тактап айтканда, аталган схеманы толук көлөмдө ишке ашырууда 411 калктуу пункт жана 845 миңден ашуун квартира жана турак-жайлар газ менен камсыздалат, бөлүштүрүүчү газ түтүгүнүн узундугу 2705 миң км түзөт. Ал эми республиканы газ менен камсыздоо деңгээли 60% дейре жеткирилет. Алсак, Бишкек шаары үчүн 7 км аймак аралык газ өткөрүү тармагы орнотулуп, кошумча түрдө 50 миң квартира жана турак-жай газдаштырылат, ал эми шаарды газ менен камсыздоо деңгээли 74% дейре жеткирилет. Чүй облусу үчүн 174 км узундуктагы аймак аралык газ өткөрүү тармагы орнотулуп, кошумча түрдө 66 калктуу пункт, 114 миң квартира жана турак-жайлар газ менен камсыздалып, шаардын газ менен камсыздалышы 64% жеткирилет. Талас облусу үчүн 64 км аймак аралык газ өткөрүү тармагы каралган, ал кошумча түрдө 21 калктуу пунктту, 20 миң квартира жана турак-жайды газ менен камсыздап, облустун газ менен камсыздалуу деңгээли 42% жеткирилет. Ысык-Көл облусу үчүн 251 км аймак аралык газ өткөрүү тармагы сунушталат, мында 57 калктуу пункт, 78 миң квартира жана турак жайлардын газ менен камсыздалуу деңгээли нөлдөн 68% көтөрүлөт.   Ошондой эле Нарын облусу үчүн 85 км аймак аралык газ өткөрүү тармагы каралып, мында 19 калктуу пункт, 22 миң квартира жана турак жайлардын газ менен камсыздалуу деңгээли нөлдөн 32% дейре көтөрүлөт. Жалал-Абад облусу үчүн 78 км узундуктагы газ түтүгү сунушталат, натыйжада 84 калктуу пункт жана 145 миң квартира жана турак-жайлардын газ менен камсыздалуусу 47% жетет. Ош облусу үчүн 213 км аймак аралык газ түтүгү курулуп, кошумча түрдө 75 калктуу пункт жана 145 миң квартира газдаштырылып, камсыздалуусу 52% жетет. Баткен облусу үчүн 232 км газ түтүгүн куруу каралууда, кошумча түрдө 59 калктуу пункт жана 49 миң квартира, турак-жайлардын газ менен камсыздоо деңгээли 63% жеткирилет. Ошондой эле бетачардын жүрүшүндө Юрий Спектор республика аймагындагы газ менен камсыздоочу обьектилердин канааттандыраарлыксыз техникалык абалына байланыштуу көйгөйлөргө токтолду. “Газ менен камсыздоочу обьектилерди текшерүүдө алардын көпчүлүгүнүн тийиштүү эмес абалда экендиги аныкталган, аларды калыбына келтирүү үчүн масштабдуу реконструкциялоо иштери зарыл. Түндүктө – Бухара магистралдык газ өткөрүү районунун тилкелерин куруу жана реконструкциялоо зарыл (Ташкент-Бишкек-Алма-Аты), Сокулуктун компрессордук станциясы кошо каралат. Түштүк облустарынын керектөөчүлөрүн ишенимдүү түрдө газ менен камсыздоо үчүн Түндүк-Түштүк магистралдык газ түтүгүн куруу каралууда, ал республиканын бүтүндөй газ транспорттук тутумун бириктирет. Жүргүзүлгөн иштин негизинде башкы схеманы ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги ишке ашырылуучу иш-чаралар тизмеси түзүлгөн», — деп белгиледи Юрий Спектор. Жыйынтыгында “Газпром Промгаз» ЖЧК башкы директору Юрий Спектор белгилегендей, Башкы схема республиканы газ менен камсыздоону өнүктүрүүчү инвестициялык программаларга карата сунуштарды уюштуруу үчүн негиз болуп саналат. “Башкы схемада каралган газ транспорттук тутум обьектилерин жана айыл аралык тармактарды куруу жана реконструкциялоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууну керектөөчүлөрдүн даярдыгы жана калктуу пункттардын тийиштүү газ инфраструктуралары менен синхрондоштуруу зарыл», — деп жыйынтыктады ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү