29

Октябрь

2013

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева бир катар министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери менен Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам уюштуруу жана жөнөтүү маселеси боюнча протоколдук тапшырманын аткарылышына байланыштуу жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угуп, вице-премьер-министр “Аба-ырайы алмашып жатат. Ал эми бийик тоонун шартында бул өзгөчө кыйынчылыкка алып келиши мүмкүн. Учурда ар бир күн, саат маанилүү. Гуманитардык жардамды өз учурунда жеткирүүбүз абзел”,-деди.

Белгилей кетсек, Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде 1200гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү