22
Февраль
Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Маданият жана туризм министрлигинин кеңейтилген коллегиясынын отурумуна катышты. Коллегияда 2012-жылдын жыйынтыктары жана 2013-жылга пландар талкууланды.
Камила Талиева өз сөзүндө маданият жана туризмди өнүктүрүү боюнча айрым сунуштарын айтты. Ал үчүн маданият жана туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу зарыл деди ал.
Вице-премьер-министр Ысык-Көлдө ыр фестивалын уюштуруу сунушун айтты. “Стратегияны иштеп бүтө электе эле айрым стратегиялык идеялар белгилүү болуш керек. Алсак, Ысык-Көлдө эл аралык ыр фестивалын уюштуруу максатын койсок болот. Ушундай фестивалдарды уюштуруу аркылуу туризмди өнүктүрүүгө дагы ыңгайлуу шарт түзүлөт”,- деди ал.
К.Талиева Шанхай Кызматташуу уюмунун дагы потенциалын колдонуп, ага мүчө болгон мамлекеттер менен бирдикте кинофильмдерди тартуу максатын да сунуш кылды.
Стратегиялык максаттардын бири катары Вице-премьер-министр театрлардын репертуарларын жаңылоо тууралуу сөз козгоду. “Бул маселе боюнча 1 жылдык конкурстар натыйжа бербей келет. 5 жылдын ичинде чоң конкурс болот, сыйлыгы олуттуу деген жарыя болсо драматургдар, жазуучулар шашпай, майын чыгара жазышат го деген ойду сиздерге айткым келет”- деди Камила Талиева.
Мындан тышкары Камила Талиева көркөм тасмаларды тартуудагы өз оюн айтты. “Көп жылдык стратегиялык багыттын бири – бул биздин өлкөнүн имиджин көтөрүү. Азырынча биздин кинофильмдерде терс образдар көбүрөөк болуп жатат. Чет элдик көрүүчүлөрдө Кыргызстанда деги оң каарман болууга жараган бир да киши жок экен деген ой калышы мүмкүн”,- деп кошумчалады ал.
Дагы бир олуттуу маселеге Камила Талиева көңүлүн бурду. Бул ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселеси деди ал. “Айылдардагы клубдар бир жылдагы 365 күндө 15-20 күн гана иштегени туура эмес. Бул клубдар жылына 200 күн иштесе гана аларга кеткен чыгымдардын акыбети кайтат. Бул сөз башка уюмдарга дагы тиешелүү. Мисалга айылдын китепканаларына барып китеп алгандар, китеп окугандар абдан аз болуп жатат” – деп . белгиледи.
Ошондой эле айылдык китепканаларда китеп фондусу бир канча жылдан бери жаңыртылбаганын, бул багытта иш алып баруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
Камила Талиева бизде болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында оптималдаштыруунун зарылчылыгына токтолду. “Азыркы учурда министрликтин тутумунда 48 музей бар. Алар тарыхый край таануу музейлери, тарыхый инсандарга арналган музейлер жана сүрөт музейи. Ушул 48 музей бизге жетиштүүбү? Мүмкүн аз болуп жүрбөсүн? Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына кайрылсак биздегиден айырмасы бар экенин көрөбүз. Классикалык мисал катары Канададагы эл аралык хоккей даңкы музейин айтууга болот. Алар атактуу хоккеисттердин ар бирине бирден музей ачпастан дүйнө жүзү боюнча атактуу хоккеисттерине музей ачышкан. Ушул тажрыйбаны колдонуп, жазуучулардын музейин ачып, ага бардык жазуучулар жөнүндө маалымат чогултсак, же “Спорт даңкы” музейин ачып Кожомкул балбандан баштап, олимпиада чемпиондорунун баарынын сүрөтүн илип, алар жөнүндө маалыматтарды жазып койсок элибиз өз каармандарын жакшы билип, жаштар алардын жолун улантууга шыктанмак”,- деп белгиледи Вице-премьер-министр.
Камила Талиева өз сөзүндө көркөм кино тасмалар тууралуу да токтолду. “Бизде жакшы кинофильмдер тартылды. Кийинки мезгилдеги тартылган “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын”,”Белгисиз маршрут” фильмдери элдин көңүлүнө жакты, заманды туура чагылдырган кинолор болду десем болот. Бирок бул жерде бир топ маселе бар. Биринчиден, бир топ кинофильмдерди тарткан режиссерлор өтө эле кайгылуу көрсөтүүгө далалаттанышып, бул жагынан аша чаап кетишкен. Бизде көп жылдан бери калыптанып калган бир стереотип бар. Чоң кайгыдан чоң чыгарма жаралат деген. Биздин кинолордун аттары дагы адамдарды өзүнө тартпайт. Бири “Азап” деп аталса, экинчиси – “Каргыш”. Эл өзү кыйналып жатканда элдин демине дем кошо турган чыгармалар зарыл болуп жатканын түшүнүү керек”,- деп баса белгиледи.
Вице-премьер-министр сөзүнүн аягында маданият, искусство жана туризм кызматкерлерине бакты-таалай, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү