23

Октябрь

2013

Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К. Талиева Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды уюштуруу жана жеткирүү маселеси боюнча бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Азыркы кезде Кичи жана Улуу Памирде 1200гө жакын этникалык кыргыздар жашайт. Кеңешменин жыйынтыгында министрликтер менен ведомстволорго азык-түлүктөрдөн жана көп керектелүүчү товарлардан турган гуманитардык жардамды уюштуруу жана жеткирүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү