19

Февраль

2013

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын жыйынтыктары жана 2013-жылга коюлуучу милдеттери тууралуу талкууланган коллегиянын ишинде билдирди.

Билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча милдеттер тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков доклад жасады. Ал милдеттер 2012-2017- жылда Кыргызстандын туруктуу өнүгүү Стратегиясында каралганын министр белгиледи.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө мектептерде сааттардын кыскарышы бир нече проблемаларды чечет деди. “Биринчиден, жаңы мектептерди куруунун кажети жок болот. Үч нөөмөт менен окуган мектептерде сабактар эки нөөмөт менен окула баштайт. Экинчиден, кадрлар менен камсыздоо маселеси чечилет. Эң негизгиси ал реформалоодон билим берүүнүн сапатынын жакшырышын күтүүдөбүз жана, албетте, биздин балдардын ден соолуктарынын жакшырышына таасирин тийгизбей койбойт”, - деди Камила Талиева.

К.Талиева жогорку билим берүү тармагын реформалоо маселеси тууралуу сөзүндө - “ЖОЖдорду кыскартуу маселесин чечүү үчүн саясий эрк зарыл. Учурда ар түрлүү себептер менен ЖОЖдордун саны азайган жок жана ал окуу жайларда билим деңгээлинин сапаты төмөн түшүүдө.Жогорку билим берүү системасында “сандан сапатка” деген принципке өтүү керек”- деди ал.

К.Талиева министрликтин жетекчилигинен мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде, жогорку окуу жайларында  мамлекеттик тилди окутууну киргизүү үчүн программаларды иштеп чыгуу процессин тездетүүнү талап кылды жана бала бакчаларды ачуу боюнча  айрым сунуштарын берди.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү