21

Апрель

2017

Калиман Маматова Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Маматова Калиман Тойчубековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү