17
Январь
2018
Калысбек Шадыханов Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, буйрукка кол койду, ага ылайык, Шадыханов Калысбек Токтосунович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү