13
Ноябрь
Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева оор атлетика боюнча Олимпиадалык оюндардын чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык юбилейине арналган иш-чаранын уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Юбилейди өткөрүү боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап, Камила Талиева тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берди.
“Каныбек Осмоналиев кыргыз элинин жаркын уулу. Анын спорттогу жетишкендиктери өсүп келе жаткан муундар үчүн үлгү болушу керек. Бул биздин улуттук сыймык жана анын урматына карата өткөрүлүүчү иш-чара жогорку деңгээлде болушу зарыл”,- деди Вице-премьер-министр.
Белгилей кетсек, юбилейдин алкагында 14-ноябрдан 22-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Сарайында оор атлетика боюнча Эл аралык турнир өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү