08
Февраль
Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева кытай элинин жаз майрамынын алкагында Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Конфуций институтунда болду жана аталган окуу борборунун иши жана келечекте өнүгүүсү менен таанышты.
“Ушул майрамды БГУнун Конфуций институтунда тозуп жатканыбыз символду көрүнүш десек болот. Бул институтта кийинки жылдарда эки элдин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды жана институт билим жана маданият боюнча элчи болду десек болот”,- деди ал.
Камила Талиева учурда Кытай Эл Республикасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн ири инвестицияларды берип, ар тараптуу жардам көрсөтүп келе жатканына токтолуу менен катар гуманитардык кызматташуу да көңүлдөн чыкпаганын белгиледи. “Биздин көптөгөн студенттер Кытай окуу жайларында билим алууда. Келечекте кыргыз-кытай университетин ачуу боюнча ойлор бар”,- деп кошумчалады.
Вице-премьер-министр кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө КЭрдин КРдеги Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ван Кайвэнянын сиңирген зор эмгегин баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү