22
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева UNICEFтин колдоосу менен бийик дэңгээлде Софияда (Болгария) өтүп жаткан регионалдык конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө ар түрлүү себептер менен өздөрүнүн биологиялык ата-энесинин колунда тарбияланбаган балдардын үй-бүлөөдө багылышынын маанилүүлүгүн эске алып, балдардын багылышын жана анын механизимдерин өркүндөтүү максатында Кыргызстанда реформалоо иштери башталганын белгиледи.
Аталган жогорку деңгээлдеги жолугушуу 2011-жылдын июнунда Европалык Парламент тарабынан башталган ЮНИСЕФ/OHCHRдин “ Үч жашка чейинки балдарды жатак мекемелерине берүүнү болтурбоо” тууралуу компаниянын алкагында өтүүдө. Учурда Кыргыз Республикасында бул максатты ишке ашыруу үчүн жатак мекемелерин оптимизациялоо боюнча План кабыл алынган жана фостердик үй-бүлөө тууралуу Жобо бекитилген.
Вице-премьер министр К.Талиеванын иш сапарын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Э. Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Апаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н. Жолдошева коштоп жүрүшөт. Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы региондогу мамлекеттердин жана айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү