29

Ноябрь

2013

Бүгүн, 28-ноябрда, кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила талиева митингдин катышуучулары – Кыргызстан майыптар коомунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Вице-премьер-министр митингдин катышуучуларынын талаптарын укту жана алардын суроолоруна жооп берди. Негизинен суроолор жөлөк пулдардын, тиричилик каражатынын көбөйүүсү жана майыптардын укуктарына байланыштуу болду.

“Кыргызстанда 73 миң 600 дөн ашык майыптар катталган. Албетте, жөлөк пулдардын көлөмү аз, бирок бул маселе боюнча Өкмөт иштеп жатат. Биз майыптарды колдоосуз жана кароосуз калтырбайбыз”,- деди Камила Талиева.

Соңунда, Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жолугушууда айтылган маселелерди чечүү чараларын көрүүнү тапшырды.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү