03
Октябрь
Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева жумушчу жыйынында вирустук сарык оорусун алдын алуу максатында водомстволор аралык отурумду өткөрүү зарылчылыгын билдирди.
«Ооруну алдын алуу-социалдык коркунучтуу илдет менен күрөшүүдө натыйжалуу кадам”-деди Вице-премьер-министр.
Камила Талиева жыйындын жүрүшүндө коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин кайра карап чыгуу, билим берүү мекемелеринде, соода жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана иштиктүү чараларды көрүүнү тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырды.
Кыргызстанда акыркы 5 жылдын ичинде сарык оорусунун А вирустук түрүнө чалдыгуу 1,8 эсеге көбөйгөн. Ооруга чалдыккандардын 83,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү