21
Ноябрь
Бүгүн, 20-ноябрда, өлкөнүн түштүгүнө жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Баткен облусунун Булак-Башы айылындагы “Баластан” жана Достук айылындагы “Ак-Кептер” бала бакчаларынын ачылышына катышты.
Мектепке чейинки мекемелердин ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Вице-премьер-министр ата-энелерди жана балдарды жаңы конушу менен куттуктады.
“Өзгөчө элет жеринде жаңы бала бакчалардын ачылышы – аймак үчүн башкы жаңылык. Өкмөт ар бир баланын татыктуу билим алуусу үчүн баардык аракетин жумшайт, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү да өзгөчө маанилүү”,- деп белгиледи Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү