25
Ноябрь
Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейинде болду.
Вице-премьер-министр окуу жайдын класстык бөлмөлөрүн жана өндүрүш жайларын карап чыгып, лицейдин жетекчилигине адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Алар эмгек рыногунун талаптарына жооп бергидей деңгээлде даярдалууга тийиш экендигин белгиледи. ”Өкмөт башталгыч кесиптик билим берүү системасынын өнүгүшүнө бар күчүн жумшайт”,- деди Камила Талиева.
Аталган кесиптик лицейде тигүүчү, тракторист, ширетүүчү, токарь сыяктуу кесиптерге даярдоо жүргүзүлөт. Учурда окуу жайда 200дөн ашуун 9-11- класстардын бүтүрүүчүлөрү билим алышууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү