26

Ноябрь

2013

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында жайгашкан, 220 орунга ылайыкташтырылган “Билимкана” менчик  окуу комплексине барды.

Вице-премьер-министр комплекстин ишмердүүлүгү менен таанышып, педагогдордун көйгөйлүү маселелерин укту.

Маалымат ирээтинде:

Люксембургдагы окуу жайы мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн комплекс.

“Билимкана” 22 миңге жакын Кант шаарындагы жана анын аймагындагы калктуу пункттардын, ошондой эле, 6 миң адамы бар Люксембург жана Кыргшелктун тургундарынын балдарын окутат.

Окутуу Кыргызстандын мамлекеттик мектепке чейинки жана мектеп стандарттарынын негизинде, кошумча билим берүү кызматын көрсөтүү менен окутулат. Окуу мерчеминде англис тилин окутууга жана орус тилинен, математикадан кеңеш берүү сааттары көрсөтүлгөн.

Окуу комплексинде англис тилинен, элдик жана бал бийлеринен, музыкадан (вокал, хордо ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо- фортепиано, комуз, гитара, скрипка) окуу жайдын жана башка аймактын окуучулары үчүн кошумча сабак каралган.

Мектеп баардык окуучуларга узартылган күн тайпасын камсыздайт. Зарыл болгон учурда психолог жана логопед сабак өтөт. Балдарды бала бакчага жана мектепке атайын унаа ташыйт.

2012-2013-окуу жылында комплексте үч жаштан 3-класска чейинки курактагы 130 бала билим алат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү