16

Февраль

2013

Бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ысык-Көл облустук биргелешкен оорукананын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылышына катышты. 

Вице-премьер-министр аталган дарылоо мекемесин ачып жатып анын республикадагы маанилүү ордун белгиледи. “Бул уникалдуу бөлүмдө Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан оор нерв оорулары менен келген балдарга жардам көргөзүлөт. Алар негизинен церебралдык шал оорулары менен ооруган балдар”,- деди ал.

К.Талиева реабилитациялык мекемени оңдоо Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен башталып, анын жеке көзөмөлүндө болду деди. 

Бөлүмдү оңдоого Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан  2011-2012-жылдары 41млн.сом бөлүнгөн. Бирок бөлүм үчүн жабдыктарды жана инвентарларды алуу проблемалуу болгондуктан кайрымдуулук марафону өткөрүлүп 2,3 млн. сом чогултулган. Мындан тышкары 5,6 млн. сомго медициналык жабдыктар алынды.

“Мамлекет башчысы койгон тапшырма өз мөөнөтүндө толугу менен аткарылды. Мен марафондун катышуучуларына жана аталган бөлүмдүн жамаатына ыраазычылык билдирем”,- деп кошумчалап,  КР Өкмөтүнүн атынан санитардык медициналык автомашина тапшырды. 

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү