30
Март
2013
Бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева нааразычылык билдирүү менен борбордон акыйкат издеп келишкен, 2010-жылы Ош окуясында жабыр тарткан жарандардын тобун кабыл алды.
Вице-премьер-министр жолугушуу учурунда жабыр тарткандардын социалдык жана башка маселелерин тийиштүү тармактык министрликтер менен бирге чече ала тургандыгын билдирди. “Ар бириңиздердин айткан көйгөйлөрүңүздөр жергиликтүү бийликтер тарабынан чечилүүчү маселелер экен. Бирок жергиликтүү чиновниктер маани бербегендиктен Өкмөткө чейин келүүгө мажбур болдуңуздар. Бүгүнкү жолугушууга тийиштүү тармактык министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылды. Сиздердин доомат-арызыңыздар толугу менен ар тараптуу каралып чечилет деп толук ишенем, ар бириңиздердин суроо талабыңыздарды чечүүгө биз кызыктарбыз, бирок жергиликтүү бийликтердин шалаакалыгы, убакытты созуп келгендиги өкүнүчтүү”,- деп баса белгиледи К. Талиева.
Вице-премьер-министр тиешелүү министрликтердин жетекчилерине Ош окуясында жабыр тарткандардын маселелерин чечүү тууралуу тийиштүү тапшырмаларды берди жана алардын чечилишин көзөмөлгө алаарын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү