31

Январь

2013

 30нварь, 2013-ж. 

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева “Мамлекет жана дин: Диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу улуттук конференцияга катышты. 

Конференцияны ачып жатып Камила Талиева коомубуздун эң маанилүү маселелеринин бири болгон мамлекет менен коомдун дин менен болгон өз ара мамилесин, диний сабат жана анын сапатын бүгүнкү конференцияда талкуулаган жатабыз деди. 

“Азыркы мезгилде дин коомдун аң сезимине, бардык  мамлекеттердин саясий абалына таасир тийгизген  фактор болуп  калганы баарыбызга белгилүү. Экинчи жагынан дин боюнча сабаттуулуктун деңгээли жетиштүү болбогону дагы өлкөдөгү саясий кырдаалга терс таасирин тийгизүүдө. Элибизде дин өкүлдөрүнө карай дайыма  катаал сын көз караш болуп келген. Молдолорду абдан баркташып, ал өзүнүн билими, адамдык сапаты менен жалпы элге үлгү болууга тийиш деп эсептешкен.   Учурда ушундай талаптарга жооп бере алган инсандар деле бар. Бирок диний кызматкерлердин арасында билими жетишпегендер да бар. Алар жөнүндө элде терс пикирлер дагы арбын болуп жатканын жашырып коюуга мүмкүн эмес. Дин ишмерлеринин  кынтыксыз жүрүм-туруму жана жогорку теология билими болушу өтө маанилүү. Ошондо гана биз динибизди сактай алабыз. Аны чечүү үчүн мамлекет менен мусулмандардын Дин башкармалыгы пикирлеш болуп бирге иштеши зарыл. Элдин ынтымагын чыңаганга, элди туура жолго багыттоого даремети жеткен молдо болуш үчүн диний кызматкерлердин диний жана жалпы билими жетиштүү болууга тийиш”- деди вице-премьер-министр К.Талиева. 

Конференциянын жүрүшүндө Камила Талиева форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди жана өлкөнүн диний ишмерлери менен коомубуздагы ар бир адамды ойлондурган олуттуу көйгөйлөр талкууланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү