25

Ноябрь

2013

Бүгүн, 25-ноябрда,Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Камила Талиева Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Коомдук Кабылдаманын ачылышына катышты.

Коомдук Кабылдама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен ачылды.

Мындай кабылдамалар улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча көп улуттуу аймактарда ачылууда.

Белгилей кетсек, Сокулук районунда 38 улуттун өкүлү жашайт. Алар: орус, казак, түрк, өзбек, даргин, лезгин жана башка улуттардын өкүлдөрү.

Камила Талиева өз сөзүндө көп кырдуу маданиятка жана каада-салтка ээ, көп улуттуу эли Кыргызстандын баа жеткис байлыгы экендигин белгиледи.

“Баардык Кыргызстандыктар үчүн жана жалпы эле мамлекет үчүн улуттар аралык жана конфессионалдык макулдук башкы баалуулук болуп саналат”,- деди ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү