13

Декабрь

2013

 Бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык машыгууну өнүктүрүү жана билимди баалоо Борборунун ачылышына катышты.

“Калктын ден-соолугуна кам көрүү жана медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын маанилүү милдеттеринен”, - деди Вице-премьер-министр Борбордун ачылыш аземинде.

Белгилей кетсек, Борбор И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы менен Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчилигинин каржылык жардамы менен түзүлдү.

Борборго 150 миң швейцария франкына медициналык жабдуулар, аппараттар, аспаптар, компьютердик жабдуулар жана видеокөзөмөл системасы алынды.

Борбор бара-бара медициналык билим берүүдө заманбап талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүккө ээ болуп, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүүсүнө шарт түзгөн борборго айланат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү