08
Февраль
Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын жалпы жыйынын ишине катышты.
Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук Илимдер Академиясынын окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүн ар тараптан колдоорун жана аларды ишке ашырууда мамлекеттик деңгээлде жардам берилерине токтолуп, илим изилдөө иштеринин эл чарбачылыгы менен тыгыз байланышынын жоктугу биздин көйгөйлүү маселелерибиздин бири деп белгиледи.
“Окумуштууларыбыз да акырындап рынок шарттарына иштөөгө көнүп, өз алдынча каражаттарды иштеп табууга аракет жасап жаткандары колдоого татыктуу”,- деди К.Талиева.
Мындан тышкары К.Талиева мамлекеттин алдында турган милдеттерди чечүүдө окумуштуулардын ролунун жогорулатуунун зарылчылыгына токтолду “Азыркы кезде Өкмөт өлкөнүн эң маанилүү маселелерин чечүүдө окумуштуулардын активдүү катышуусу менен иш алып барууга умтулат. Мисалы, тоо-кен өнөр жайында, гидроэнергетика, курулуш тармактарында приоритеттүү чоң долбоорлордо окумуштуулардын катышуусу менен экспертизаларды өткөрүүгө Өкмөт муктаж”- деп кошумчалады.
Улуттук Илимдер Академиясына алдына коюлган милдеттерди чече ала турган жетекчи керек деп белгиледи.Вице-премьер-министр К.Талиева Улуттук Илимдер Академиясынын алдында коюлган ушундай милдеттерди чече ала турган жетекчи керек деп, Президенттик кызматына Эркебаев Абдыганы Эркебаевичти сунуш кылды жана аталган талапкерди колдоп берээрине ишеним билдирди.
Улуттук Илимдер Академиясынын Уставына ылайык Президент кызматына талапкерди Өкмөт сунуштаарын белгилейбиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү