22
Ноябрь
Бүгүн, 22-ноябрда, иш сапары менен Ош облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин көчмө коллегиясынын жыйынына катышты.
Коллегияда министрликтин Ош областтык жана шаардык башкармалыктарынын 2013-жылдын 9 айында жасаган иштеринин жыйынтыгы угулду.
“Сунушталган министрликтин тармактык бөлүгүнүн иши үстүртөдөн жана жеткиликтүү эмес. Сиздер түзүлгөн кырдаал боюнча анализ жүргүзгөн эмессиздер жана анын чечилиш натыйжасы да белгиленген эмес”,- деди Камила Талиева.
Камила Талиева министрликтин тармактык бөлүктөрүндө кетирилип жаткан орчундуу кемчилдиктерди кескин сынга алып, алардын ишмердүүлүгүнө тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү министрликтин жетекчилигине тапшырды.
“Министрлик калкка массалык-маалымат каражаттары аркылуу жетиштүү маалымат берип турушу керек. Албетте, жумуш жасалып жатат, бирок ал жөнүндө коомчулуктун маалыматы аз болуп жатпайбы”,- деди Вице-премьер-министр.
Коллегияда ошондой эле ар түрдүү маселелер дагы каралды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү