16
Февраль
15-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ысык- Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл аймагынын Пионер айылында баштапкы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.
Камила Талиева салтанатты ачып жатып, мектептин ачылышы айылдыктардын жашоосун жакшыртуудагы маанилүү кадам деди. “Мурда Пионер айылынын балдары үч чакырым алыстыктагы мектептен билим алышчу. Өзгөчө кыш айларында бул аралык кыйынчылыктарды жаратчу”,- деп мектептин курулушуна колдоо көрсөткөндөрү үчүн облус жетекчилигине, жергиликтүү өз алдынча органдардын башчыларына , айыл жашоочуларына ыраазычылык билдирди.
К. Талиева мектеп үлгүлүү окуу жайлардан болот деп ишенип, мектепке бир комплект компьютерди белек катары тапшырды. Облус жетекчилери өз кезегинде мектептин мугалимдеринин жана техперсоналынын штатын көбөйтүп берүү суранычы менен Вице-премьер-министрге кайрылышты. Бул маселе жакын арада каралат деп Камила Талиева убада берди.
Андан соң Камила Талиева ошол эле райондогу Ак-Суу, Ичке-Жергез айылдарында болуп ушул жылдын 28-январында жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр менен таанышты жана тиешелүү структураларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жабыр тарткандарга ссуда маселесин берүүнү ылдамдатуу тууралуу тапшырма берди.
Маалымат иретинде: ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын берген маалыматына ылайык учурда жабыр тарткандардан 360 арыз, кайрылуулар келип түшкөн. Алардын арасынан 98 үй байкоонун астында, 85 үйгө капиталдык кайра оңдоо талап кылынат, 63 үй авариялык абалда, 1 үй бузулган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү