30

Октябрь

2013

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин 60 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

“Өлкөдө болуп жаткан ийгиликтердин көбүнө сиздердин адистер менен бүтүрүүчүлөрдүн салымы чоң деп ойлойм. Техникумдан жогорку окуу жайы макамына чейинки жолду басып өткөн Кыргыз экономикалык университети мамлекетибиздин экономика тармагы  үчүн адистерди даярдаган чеберкана”,-деди Камила Талиева.

Ал өз сөзүндө экономиканын өнүгүшү адам баласынын жашоосун жана ийгиликтүү ишмердүүлүгүн аныктайт. Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү  мына ушул тармакты 60 жыл аралыгында мыкты өздөштүрүп келээрин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргыз экономика университети Кыргызстанда жана Борбордук Азияда жалгыз  МАТЭО, EAIE жана EVRODfP сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү. Аталган уюмдарга мүчө болуунун өзү студенттерге Европадагы жогорку окуу жайларында билим алууга жана европалык үлгүдөгү дипломго ээ болууга мүмкүндүк түзөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү