19
Февраль
Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылды жыйынтыктап, 2013-жылга болгон милдеттерди аныктоодогу маселелерди караган коллегиянын иши болду.
Коллегияда Саламаттык сактоо министрлигинин негизги жыл жыйынтыктары боюнча министрдин орун басары Марат Калиев доклад жасады.
Андан соң сөз КР Өкмөтүнүн Вице-премьер-министри Камила Талиевага берилип, ал саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформа маселелерине, жана башка министрликтин алдында турган актуалдуу маселелерге көңүлүн бурду.
Министирликтин бюджет маселесине токтолуп, 80 % айлык акыга, 10 % дары-дармеке жумшалаарын айтып, -“Албетте дарыгерлердин маянасы анча чоң эмес. Бирок дары менен камсыздоо маселеси кайра каралууга тийиш”, -деди ал. Мындан тышкары К.Талиева материалдык-техникалык базанын, өзгөчө авто унаалар менен камсыздоо маселелерине токтолду.
Ошондой эле К.Талиева медициналык мекемелерди капиталдык оңдоо жана куруу үчүн 2013-жылдын бюджетинде 10 млн. сом каралып жатканын маалымдады. “Мындай чоң каражаттар биринчи жолу бөлүнүп жатат жана алар негизинен курулушу бүтпөй алган обьекттерге жумшалмакчы”, -деди К.Талиева.
Чөлкөмдөрдө өзгөчө профилдеги кадрлардын жетишсиздиги тууралуу маселе коюлганда Вице-премьер-министр билимдүү жакшы кадрлар чет өлкөлөргө кетип жатканын айтты. “Бул маселени чечүү үчүн биз жер-жерлерде алар үчүн шарт түзүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүбүз абзел”,- деп кошумчалады Вице-премьер-министр К.Талиева.
Дары-дармек менен камсыздоо боюнча милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу программасын ишке ашырууда министрликке жана фондго К.Талиева айрым эскертүүлөрдү айтты жана республика боюнча оорулуулар азайбастан көбөйүп, өзгөчө жаштар арасында көрсөткүчтөр көп экендигин белгилеп, алдын алуу профилактика иштерин жүргүзүү тууралуу талап койду.
Коллегияда 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарылып , калкка медициналык жана фармацевттик кызмат толук эмес абалда көрсөтүлөөрү белгиленди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү