11

Ноябрь

2013

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар Кеңешинин жыйынына катышты. Камкорчулар Кеңешинин бул жолку жыйынында окуу жайдын окуу-методикалык программасына жана чарбачылык иштерине байланышкан маселелер каралды.

Камила Талиева ар кандай адистиктерге даярдоодо алардын конкуренттүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу керектигине көңүл бурду. Ал ошондой эле эл аралык мамилелер, туризм Кыргызстанда жаңы өнүгө баштаган, келечектүү тармак экендигин белгиледи.

Вице-премьер министр Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги инвестиция, курулуш маселеси боюнча өз оюн ортого салып, студенттик шаарча - Кампус курулуп жаткандыгы абдан жакшы жөрөлгө экендигин белгиледи. “Бирок, бардык курулуш материалдары, курулуш адистери Түркия тараптан алынып келип жаткандыгы ойлондуруучу маселе,- деди К. Талиева.- Жергиликтүү рынокторго, адистерге басым жасап, алар менен иштешүүнү күчөтсөңүздөр, бул эки тарапка тең пайдалуу болуп, экономия алып келет”, - деп сунуш кылды ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү