15

Ноябрь

2013

Вице-премьер министр Камила  Талиева бүгүн Ысык-Көл областынын Бостери айылында өткөн Социалдык өнүгүү министрлигинин көчмө коллегиясына катышты. Камила Талиева Кыргыз Республикасы социалдык багыттагы мамлекетэкендигин, социалдык кызмат көрсөтүүчү органдардын иши жетим-жесирлер, кары-картаңдар, майып адамдар, асыроосуз калган балдар сыяктуу мамлекеттик колдоого дайыма муктаж болушкан катмарларга көмөк көрсөтүп, аларга тиешелүү өлчөмдөгү  жөлөкпулдарды төлөп коюу менен эле чектелип калбайтургандыгын белгиледи. Вице-премьер министр коллегияда айтылган сындан туура жыйынтык чыгарып, министрликтин ишине кетирилип жаткан кемчилдиктерди тез аранын ичинде оңдоп, элге татыктуу социалдык кызмат көрсөтүүнү талап кылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү