09

Апрель

2013

Бүгун, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К.Талиева КТМУнун Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын окумуштуулар кенешинин залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  камкорчулар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

Камила Талиева өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине токтолду. “Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттер үчүн кыргыз тилиндеги да окуу куралдарын чыгарууга жетишүүсү зарыл. Анткени бул - бүгүнкү күндүн талабы. Ошондуктан сиздер бул маселеге туура карап, жыл сайын окуу  куралдарыңыздардын 1 эле пайызын кыргыз тилинде чыгарып турсаңыздар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор саламыңыздар болот эле деп ойлойм”- деди ал.

Камкорчулар кеңеши Түркия Республикасына барып билим алып жаткан студенттерди колдоо долбоору талкуулашты. Бул долбоордун негизинде кеңеш студенттердин санын, каржылоо маселесин карап, атайын чечим кабыл алышты.

Мындан тышкары камкорчулар кеңеши жана башка дагы маанилүү маселелерди талкуулашты, анын ичинде инженердик, ветеринария жана айыл-чарбасы факультеттери үчүн курулуп жаткан имараттарынын каржылоо маселеси каралды.

Ошондой эле Камила Талиева кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, дипломат  Төлөмүш Океевге арналган сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмөнүн ачылышында вице-премьер-министр Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы бүтүндөй түрк  дүйнөсүнүн  байлыгы деп белгиледи. 

Кыргыз-түрк “Манас” университети Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу кызматташуусунун алкагындагы ири долбоорлордун бири экендигин билдиребиз. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын                                                                         маалыматтык саясат бөлүмү