03

Декабрь

2013

Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын Талас облусуна жумушчу сапары башталды.

Вице-премьер-министр иш сапарынын алкагында аймактын билим берүү жана медициналык мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кышка карата даярдыгын көрөт.

Ошондой эле, Камила Талиева облустун активдери менен жолугушуу өткөрөт.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү