01
Ноябрь
2013
Вице-премьер-министр Камила Талиева социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында 2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга байланыштуу маселелер каралды.
Пенсиялар орточо эсеп менен 460 сомго, же 111,2 пайызга жогорулатылып, бул жогорулатууга керектүү болгон 798,7 млн. сом бюджетке кошумча киргизилгендиги белгиленди.
Жыйында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Мыйзам долбоору Байкоочулар кеңешинин кароосуна коюлуп, талкууга алынды.
Ошондой эле, Социалдык фонду тарабынан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджетинин жана 2015-2016-жылдарга божомолунун долбоору толук иштелип чыгып, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна коюлду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү