05
Ноябрь
Бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук илим фондун түзүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Учурда республикадагы илимий изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (250 млн. сом) жана Билим берүү жана илим министрлиги (148 млн. 655 миң 900 сом) аркылуу эки багытта мамлекеттик бюджеттен каржыланып келе жатат. Бул жалпы суммасы 398 млн. сомду түзгөн акча каражаттын дээрлик бардыгы эмгек акы, Соцфонд, коммуналдык төлөмдөргө сарпталып чыныгы илимге, изилдөөлөргө аз гана бөлүгү калат.
Кеңешмеде бул каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, илимди алга жылдыруу, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, илимди каржылоонун оптималдуу жолдорун табуу багытында маселелер каралды.
Натыйжада, Билим берүү жана илим министрлигине Улуттук илимдер академиясынын адистери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук илим фонду жөнүндөгү Жобону иштеп чыгып, талкууга коюу тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү