03

Декабрь

2012

 Бүгүн, 3-декабрда,  Кыргызстанда майыптардын Эл аралык күнү белгиленет. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева  Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов менен мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен жолугушат. “Балдары майып ата-энелердин Ассоциациясы”  куттуктоолор менен бирге белектерди алышат. Андан соң социалдык өнүктүрүү министирлигинин жыйындар  залында  Камила Талиева  Кыргызстандын азиздер менен дүлөйлөр коомунун,  майып аялдар Ассоциациясынын, “Жаш майыптар” , “ИКАР”, “Манас” социалдык айылы, “Феномен”, “Талыкпас –Ата”, “Майыптарга юридикалык жардам берүү”  ж.б. коомдорунун  өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын проблемаларына көңүл буруу, алардын укутарын, нарк кадырын  коргоо  жогоруда аталган иш чаранын негизги максаты болуп калмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык сачсат бөлүмү