31
Октябрь
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Өкмөттүн алдындагы республикалык өзгөчө кырдаалда эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиясынын экинчи отурумун өткөрдү.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбековдун “Кыргыз Республикасындагы жугуштуу сарык жана ичеги-карын оорулары жөнүндө кырдаал” деген аталыштагы маалыматын угуп, Вице-премьер-министр буларга токтолду: Бүгүнкү күнгө карата аталган оорулардын өсүү абалы байкалууда. Бул биринчи кезекте коомдук тамактануу жайларында көзөмөлдүктүн солгундугу менен аныкталат. Чүй облусундагы окуучулардын уулануусу буга далил. Ошондой эле, калк дайыма таза сууну колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындан сырткары коомчулуктун кайдыгерлиги жана маданиятынын төмөндүгү мындай оорулардын чыгышына себеп болууда. Баардык жерде, борбордо да, аймактарда да антисанитария өкүм сүргөн”,- деди.
Ооруларды алдын алуу маселесин козгоо менен Камила Талиева сарык жана ичеги-карын оорулары менен күрөшүү жана анын алдын алуу саламаттык сактоо министрлигинин гана милдети эмес, бул ишке жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары да катышып, комплекстүү мамиле керек экендигин айтты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү