26

Ноябрь

2013

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Чүй облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында Кайырма айылындагы 80 окуучулук орунга эсептелинген жана Маданият айылындагы 150 орунга ыңгайлашкан мектептердин курулушу менен таанышты.

Камила Талиева курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгып, Өкмөттүн милдети баардык балдардын, кайсыл аймакта жашабасын, заманбап жана ыңгайлуу шартта билим алуусуна шарт түзүп берүү экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Маданият айылындагы эски мектеп 1937-жылы курулган. Жаңы, эки кабаттуу мектеп 150 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Мектептин окуу класстарынан сырткары, тамактануучу бөлмөсү, спорт жана салтанат өткөрүүчү залы, катуу отун жагылуучу өз алдынча от жагуучу жайы болот. 

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү