30
Март
Бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри КамилаТалиева Корея Республикасынын Өзгөчө Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жумушчу жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, 2012-жылы өткөрүлгөн Корея республикасынын КРдеги маданий күндөрү, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жыйынтыктары талкууланды. Мындан тышкары Корея республикасында иштешкен эмгек мигранттарынын маселелери тууралуу да сөз болду.
Вице-премьер-министр “Борбордук Азия – Корея Республикасы” форумун мындан ары ийгиликтүү жүрүшүнө Кырыгыз Республикасы кызыкдар экендигин жана аны ушул жылы биздин өлкөдө өткөрүү ниетин билдирди.
Ошондой эле Камила Талиева эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы никелердин бузулушунун саны Крея Республикасында көбөйүп жатканын белгилеп, буга байланыштуу дипломатиялык линиялар аркалуу тиешелүү кеңешүүлөрдө жүргүзүүнүн зарылчылыгын, жарандарга үй-бүлөөлүк маселелер боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу Келишим түзүү маселеси максатка ылайыктуулугун билдирди.
Вице-премьер-министр КР мамлекеттик органдарына 1995-жылдан баштап финансылык- техникалык жардам көрсөтүп келе жаткан Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) ишмердигине жогору баа берди.
Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси маданият, экономика, туризм жана социалдык саясат тармагындагы кызматташуу тууралуу маалымат берди. “2013-жылы Улуттук китепканада Корея борборун жана мамлекеттик тарых музейинде Корея галереясын ачууну пландаштыруудабыз. Быйыл экономика кызматташуусу боюнча кыргыз-корей Өлкөлөр аралык комиссиянын жыйыны болот. Корея менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы акысыз жардам көрсөтүү Келишиминин алкагында KOICA линиясы аркалуу гранттарды берүү боюнча программалар уюштурулат. Ошондой эле быйыл Ысык-Көлдө Корея Республикасынын кездеме өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен “Борбордук Азия – Корея Республикасы” аттуу форум өткөрүлөт”- деди Элчи мырза.
Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр достук мамиледеги эки элдин өз ара пайдалуу кызматташуусу мындан ары да тереңдеп өсө берээрине ишенээрин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү